• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент: KG доменин башкарууну колго алуу узун процесстин башталышы гана
Дата публикации: 
2009-04-10

Президент Курманбек Бакиев 7-апрелде “Улуттук домендик аталыштардын системасын иштешин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, ага ылайык KG домендик аталышын тескөөнү жүргүзүүчү орган Кыргызстандын мамлекеттик патент кызматы (Кыргызпатент) боло тургандыгы белгилүү болгон. Кыргызпатент тарабынан KG доменин башкарууну колго алуу узун процесстин башталышы гана экендигин белгилейт деректир Улан Мелисбек. Анын айтуусунда, домендик аталыштарды мамлекеттик колдоого алуу боюнча акыркы чечим америкалык ICANN компаниясы (авт. ICANN – Internet Corporation for Assigned Names and Numbers – эл аралык коммерциялык эмес уюм, ал 1998-жылы домендик аталыштар, IP-даректер жана Интернеттин иштешине байланыштуу башка маселелерди жөнгө салуу максатында АКШнын өкмөтүнүн катышуусу менен түзүлгөн) тарабынан кабыл алынат жана Кыргызпатент жакында ал мекемеге расмий түрдө кайрылат. Бул маселеге байланыштуу массалык маалым каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек, деректирдин жардамчысы Нурлан Баяман, эл аралык байланыштар бөлүм башчысы Фархат Ибрагимов жана Кыргызпатенттин башка бир катар кызматкерлери жооп берди.

- Домендик аталыштарды башкарууну мамлекеттин колуна алуу демилгеси америкалык ICANN ассоциациясы тарабынан кечиктирилиши мүмкүнбү?

- ICANN ассоциациясынын талаптарына ылайык домендик аталыштарга байланыштуу мамлекеттик структуранын орду жана ролу так көрсөтүлгөн. Ушундан улам ассоциация биздин мамлекеттин демилгесине көңүл бурбай коюшу мүмкүн эмес жана маселени чечүүдө убакытты создуктурбайт деп ойлойм. Домендик аталыштарды башкарууга байланыштуу маселелер тез эле чечилет деп үмүттөнөбүз. Азырынча маселени чечүүгө мынча убакыт кетет деп айтууга мүмкүн эмес.

- Ал эми ICANN мындай демилгеден баш тартышы да мүмкүнбү?

- Мен мындай мүмкүнчүлүктү болот деп эсептебейт элем. Анткени ICANN мамлекеттин позициясын жактап, эсепке алат деп ойлойм. Себеби иш жүзүндө интернетте домендик аталыштарды башкаруу алгач жеке бир компанияда болуп, кийин кайсы бир мамлекеттик органга өткөнү көп эле катталган. Алсак, коңшу Өзбекстанда дал ушундай болгон. Кыскасын айтканда, мен ICANN Кыргызстандын мамлекеттик позициясын көңүлгө албай коёт деп ойлобойм.

- Домендик аталыштарды башкарууга байланыштуу интернетте тоскоолдуктар жаралбайбы?

- Албетте, жок. Домендик аталыштарды башкаруу интернет-колдонуучулар үчүн да, интернеттин өнүгүшү үчүн да эч кандай маселени жаратпайт.

- Интернетте мыйзамга туура келбеген ар кандай сайттардын пайда болушун көзөмөлгө аласыздарбы?

- Сайттардын домендик аталышын сайттын контентинен айырмалай билүү керек. Кыргызпатент сайттардын контентине эч кандай кийлигишпейт. Биз болгону домендик аталыштарды башкарууну ишке ашырууну максат кылуудабыз. Дарек жазылган жердеги домендик аталыш – биздин негизги максатыбыз. Бирок көзөмөлдөөчү органдар, күч структуралары, же Коопсуздук кеңеши тигил же бул сайттан мыйзамдарга туура келбеген нерсени тапса жана аны жабууга буйруса, биз баш ийүүгө милдеттүүбүз. Албетте, сайттарды кимдир бирөөгө эле жакпай калган үчүн жабып салууга жол берилбейт. Эгерде кайсы бир сайтта терроризмге жол берген же Кыргызстандын мыйзамдарын бузган учурлар болсо, бул күч органдарынын компетенциясы болуп эсептелет. Мындай сайттар интернетте пайда болсо, биз тиешелүү органдар тарабынан көрсөтмөлөр болмоюнча, эч кандай жөнгө салуу аракетин көрбөйбүз.

- Домендик аталыштарды башкаруу аракети эмне үчүн азыр башталып жатат? Эмне үчүн мындан мурда мындай аракеттер көрүлгөн эмес?

- Мен Кыргызпатенттин деректири болуп дайындалгандан кийин Кыргызстандагы kg зонасында каттоо жана башкаруу ишин аткарып келген монополист “Азия Инфо” компаниясынын деректири Александр Самойленко менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Сүйлөшүүбүз мамлекеттик органдын жетекчиси катары эмес, интернетти катардагы пайдалануучу катары өткөн. Мен өзүм белгилүү болгондой IT-секторуна түздөн-түз катышым бар. Мен андан домендик аталыштарды каттоодо тарифтерди арзандатууну сурангам. Бул, албетте, интернет колдонуучулардын кызыкчылыгында болгон. Мындан тышкары мен эмне үчүн кыргыз интернети пайда болгон 15 жылдан бери домендик аталыштарды каттоо 100 доллардан болуп келгендигин билүүгө аракет кылгам. Биздин жолугушуудан кийин Самойленко компаниянын тарифтерин 60 долларга чейин төмөндөткөн. Бирок биз муну да жетишсиз деп таптык. Бул катардагы интернет-колдонуучулардын гана кызыкчылыгында эмес, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу да жетишсиз деп эсептедик. Бизде ашыкча жогору, түшүнүксүз кымбат баа. 60 доллар – бул өтө көп. Демек, 15 жылдан бери домендик аталыштарды каттоо жана башкаруудан бир жеке компания өзүнө пайда гана түшүрүп келген. Тилекке каршы, биздин интернет коомчулугубуз ушул жылдар аралыгында өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргой алган эмес. Күнү бүгүн бизде катардагы интернет-колдонуучунун укуктарын коргой турган бир да коомдук уюм жок. Кыргызпатенттин максаты интернет колдонуучуларды коргоо жана IT-рыногунда атаандаштыкты өстүрүү, ошондой эле башка интернет провайдерлерге каттоо мүмкүнчүлүгүн жаратуу болуп саналат.

- Домендик аталыштарды башкарууну колго алсаңар “Азия Инфо” менен тил табышуу кандай болот?

- Албетте, Кыргызстанда сайттар көп эмес, болгону 1,4 миң сайт бар. Бул Кыргызстанда интернет пайда болгон жылдардан бери өтө аз болуп саналат. Бул уят көрүнүш деп айтууга да болот. Ушуга байланыштуу ушундай аз сандагы сайттарды калыбына келтирүү эч кандай маселени жаратпайт. Негизинен “Азия Инфо” компаниясы тарабынан мамлекеттин жарлыгын көңүлгө албай, тоготпой коюу туура эмес болот. Бул багыттагы аракетте “Азия Инфо” биз менен кызматташат деп ойлойм. Анткени ал Кыргызстанда иш алып барган, кыргызстандык компания. Анын үстүнө Кыргызпатент каттоо иши менен алектенүүнү максат кылган жок. Болгону башкаруу иши жөнүндө сөз болуп жатат. Биз каттоону колго алабыз деген жокпуз, биз атаандашуу мүмкүнчүлүгүн жаратууну көздөп жатабыз. Айрым интернет басылмаларда жазылгандай, биз “рейдерчилик” менен алектенбейбиз, сайттарды каттоо иши “Азия Инфонун” колунда кала берет. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин монополист болуп келди. Биз бул багытта башка интернет провайдерлерге да каттоо мүмкүнчүлүгүн берип, рыноктун өнүгүшүн шарттайлы деп жатабыз. Мындан тышкары айта кетүүчү жагдай, биз мындай аракеттер менен коммерция кылалы деген жокпуз. Анткени, биз коммерциялык эмес, мамлекеттик органбыз. (даярдаган М.Ибраева)

БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР).
http://kyr.kabar.kg/2009/04/10/ulan-melisbek-bizde-katardagy-internet-koldonuuchunun-ukuktaryn-korgoj-turgan-bir-da-koomduk-uyum-zhok/print/