• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент кыргыз тилиндеги гезиттин электрондук версиясын түзүүгө жардам берет
Дата публикации: 
30/03/2010

2010-жылдын 30-мартында Кыргызпатенттин имаратында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчилигинин кыргыз тилдүү «Нур Эл» гезитинин жетекчилери менен жолугушуусу болду.

«Нур Эл» гезитинин башкы редактору Абдымамбет Сариев жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмдүн башчысы Карыпбек Байбосунов үч тилде: кыргызча, орусча англисче иштей турган гезиттин расмий сайтын ачууга жардам берүүсүн өтүнүп гезиттин жалпы жамаатынын атынан Кыргызпатентке кайрылышты. Өз кезегинде Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Улан Мелисбек азыркы турмушта бул демилгенин абдан актуалдуулугун жана түйүндүк мейкиндикте мамлекеттик тилди чыңдоого жасалган маанилүү кадамдарынын бири болуп кала тургандыгын белгиледи. Кыргызпатент мындай демилгелерди ар тараптан колдойт жана жардамын аябайт.

Андан тышкары, Абдымамбет Сариев КРнын МИМКнын жетекчилигинен өзүнүн веб ресурсун ачуу үчүн зарыл документтерди тариздөөдө консультациялык жардам көрсөтүүнү суранды.

Жетекчилик бул процессте жардам берүүгө даяр экендигин билдирди жана жолугушуу аяктаган соң, Кыргызпатенттин адистери гезит чыгаруучуларга маалымат технология жатында консультацияларды беришти.