• Кыргызча
  • Русский
Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентинин күчүнүн мөөнөтүн узартуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
патент кызматынын (Кыргызпатент)
2007-жылдын 24-декабрындагы
№ 416- буйругу менен бекитилген

Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентинин күчүнүн
мөөнөтүн узартуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

Бул Эрежелер (мындан ары – Эрежелер) өнөр жай үлгүсүнө патенттин күчүн узартуунун шарттарын жана жол-жобосун жөнгө салат, анын күчүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын (мындан ары –Мыйзам) 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык узартылат.

1. Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары- патент) Мыйзамдын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары – Кыргызпатент) өтүнмө берген күндөн тартып он жылдын ичинде күчүндө болот. Патенттин күчүнүн мөөнөтү патент ээсинин өтүнүч каты боюнча, бирок он беш жылдан ашпаган жылга Кыргызпатент тарабынан узартылат.

2. Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүү үчүн патент ээси Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же ага ишеним кат берүү менен Мыйзам менен караштырылган учурларда, башка өкүлүнө ыйгарым укук берет.

3. Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат (мындан ары - өтүнүч кат) патенттин күчүнүн онунчу жылынын акыркы эки айдын ичинде бул Эрежелерге карата тиркемеде келтирилген үлгүгө ылайык типтүү бланкта Кыргызпатентке берилет.

4. Тиркемеге төмөнкүлөр тиркелет:
- өнөр жай үлгүсүнө патент (түпнуска);
- патентти күчүндө кармап туруунун тийиштүү жылы үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- эгер иш патентик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүрзүлсө, ишеним кат;

5. Өтүнүч кат мамлекеттик же расмий тилде берилет. Башка тилде берилген өтүнүч катка анын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.

6. Өтүнүч катка патент ээси же эгер алар дайындалса, патентик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан кол коюлат.
Юридикалык жактын атынан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же анын кызмат орду көрсөтүлүп, буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан кол коюлат, колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.
Колу кол койгон жактын фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлүп чечмеленет.

7. Өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жиберилет. Өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер факс боюнча документтер келген күндөн тартып, кийин бир айдын ичинде алардын түпнускалары факсимилдик байланыш каналы боюнча жиберилсе болот.

8. Өтүнүч кат берилген күндөн тартып, бир айдын ичинде Кыргызпатент төмөнкүлөрдү текшерет:
- өтүнүч кат берүүнүн шарттарын сактоону;
- талап кылынган документтердин болушу жана алардын ушул Эрежелер менен белгиленген талаптарга туура келиши;
- патенттин күчү менен өнөр жай үлгүсүн коргоо факты.
9. Зарыл болгон документтердин кайсы-бири жок болсо же туура эмес таризделсе, өтүнүч кат берген жакка Кыргызпатентке сурам алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди берүүсүнө өтүнүч менен сурам жиберилет.

Мында өтүнүч катты карап чыгуунун бир айлык мөөнөтү жетишпеген жана/же оңдолгон документтердин акыркысы берилген күндөн тартып эсептелет.
Өтүнүч кат берген жакка өтүнүч катты канааттандырылбагандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет жана патент кайтарылып берилет.

10. Текшерүү оң натыйжа бергенде, патент ээси сураган мөөнөткө патенттин күчү узартылат, бирок патенттин күчүнүн он жылдык мөөнөтүнүн бүткөн күнүнөн тартып, беш жылдан ашпаган мөөнөткө узартылат.

Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилет жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенине жарыяланат. Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу өтүнүч кат берген жакка берилүүчү патентке жазылат.

Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентинин күчүнүн
мөөнөтүн узартуунун эрежелерине
 тиркеме

Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик патент кызматы
 (Кыргызпатент)

____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
(жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты же
юридикалык жактын аталышы,
кат жазышуу үчүн дареги)

ӨТҮНҮЧ КАТ

_________________________ өнөр жай үлгүсүнө №_______ патенттин күчүнүн
(узартуу мөөнөтү)
мөөнөтүн узартууну суранам.
Патенттин күчүнүн мөөнөтү __________________________ бүтөт.
(күн, ай, жыл)

Тиркеме:
- өнөр жай үлгүсүнө патент;
- патентти күчүндө кармап туруу үчүн тийиштүү жыл үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (эгер өтүнүч кат патентик ишенимдүү өкүл же башка өкүл аркылуу берилсе).

Колу
 Датасы