• Кыргызча
  • Русский
Инновациялык ишканаларды финансылоо, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана мамлекеттик - жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында потенциалды өнүктүрүү боюнча региондук семинар
Дата публикации: 
16/10/2009

2009-жылдын 10-11-ноябрында билимдерге негизденген экономиканы өнүктүрүү боюнча СПЕКА Долбоордук жумушчу тобунун ишинин Программасына ылайык Инновациялык ишканаларды финансылоо, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана мамлекеттик - жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында потенциалды өнүктүрүү боюнча региондук семинар өтөт.

Семинардын биринчи күнү билимдерге негизденген экономиканы өнүктүрүүдө, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууда интеллектуалдык менчик (ИМ) укуктарынын ролуна арналат.

Төмөндөгү маселелер каралат:

- директивалык органдардын өкүлдөрүнүн адис-практиктердин жана башка ылайыктуу кызыкдар болгон тараптардын, ошондой эле бүтүндөй коомчулуктун интеллектуалдык менчик укуктарынын маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу;

- интеллектуалдык менчик укуктарын пайдалануу жолундагы тоскоолдуктарды табуу жана азайтуу;

-аларды коммерциялаштырууну камсыз кылуу үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын сактоону жакшыртуу;

- коммерциялаштыруу жана ИМ укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын ролун жогорулатуу;

- изилдөө уюмдарынын технологияларын иштиктүү секторго өткөрүп берүү;

- ИМ укуктарына ээ болууну жөнгө салуу;

- чакан жана орто ишканаларда (ЧОИ) интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана интеллектуалдык менчикти башкаруу жаатындагы стратегиялар;

-ИМ укуктарын баалоо жана аудит.

Баяндамалары жана бет ачарлары менен СПЕКАнын катышуучу-өлкөлөрүнүн эксперттери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер чыгып сүйлөшөт.

Семинар окутуунун элементтери сыяктуу эле билимдерди алмашууну жана катышуучулардын ортосунда алдыңкы практиканы талкуулоону камтыйт.

URL:
http://mir.patent.kg/news/2009/11/08/1175.html