• Кыргызча
  • Русский
Борбордук Азиянын экономикасы үчүн БУУнун атайын прогрммасынын долбоордук жумушчу тобунун экинчи сессиясы
Дата публикации: 
2009-11-09

2009-жылдын 9-ноябрында Бишкекте БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (БУУ АТОЭСК) менен кызматташтыкта уюштурган, билимдерге негизденген экономиканы өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия экономикасы үчүн БУУнун Атайын программасынын (СПЕКА) Долбоордук жумушчу тобунун (ДЖТ) Экинчи сессиясы болуп өттү.

Сессияны Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орунбасары Туруспек Коеналиев куттуктоо сөзү менен ачты. Ал өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи жана бардыгына үзүрлүү ишти каалады.

Ошондой эле бардык катышуучуларды куттуктап БУУ ЕЭКнын Экономикалык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн директору Андрей Васильев чыгып сүйлөдү.

Отурумдун ишинин жүрүшүндө Долбоордук жумушчу тобу тарабынан жүргүзүлгөн ишмердүүлүк жөнүндө баяндамалар угулду жана башка маселелер каралды. Сессиянын катышуучу мамлекеттери жасалган иштер туурасында айтып беришти жана кийинки эки жылга ПЖТнын ишмердүүлүгүнө тиешелүү пикирлер жана сунуштар менен алмашышты.

Иш-чаранын алкагында 2010 - 2011-жылдарга иш Программасы угулду жана бекитилди.
Жаңы программага ылайык 2010-2011-жж. БУУ ЕЭКнын долбоорлору жүзөгө ашырылат, алардын ичине билимдерге негизденген экономиканы өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн саясат жана практикалык каражаттар тармагында, ошондой эле инновациялык ишмердүүлүккө негизденген атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү колдоо үчүн маалыматтык-байланыш технологиялар саясаты жана электрондук сооданы өнүктүрүүгө жардам берүү жаатында потенциалды чыңдоо сыяктуу маселелер бар. Бул долбоорлор БУУ ЕЭКнын бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Андан тышкары, инновациялык ишканаларды финансылоо, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана мамлекеттик өнөктөштүк тармагындагы потенциалды чыңдоо боюнча субрегиондук семинар уюштурулат.