Кыргызпатентте Комуз күнү белгиленди

2019-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Комуз күнүнө карата уюштурулган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага музыка-таануучу, маданияттын кызматкери Жыпар Акматова, комуз, кыл кыяк ж.б музыкалык аспаптарды жасоо боюнча уста Мирбек Манапбаев, ырчы, комузчу маданияттын мыкты кызматкери Фарида Ѳмүрзакова жана Кубатбий Аликеевдер катышып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө, аталган адистер комуз, кыл-кыяк, ж.б. аспаптар жөнүндөгү уламыштарды, алардын тарыхы жана кызыктуу баяндары менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасынын атактуу комузчу, ырчы инсандарыбыздын эмгектерине таандык болгон кыргыз улуттук ыр күүлөрүн аткарып беришти.

Иш-чарага Кыргызпатенттин жамааты кызыгуу менен толук катышып, комуз дүйнөсүнөн унутулгус, пайдалуу маалымат алышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.