Sputnik: Китеп күнүнө карата 30-апрелде китеп жарманкеси өтөт

Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Жоодар Жумабаев 23-апрель — Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында китеп жарманкесин өткөрүү пландалганын айтты.

23-апрелге пландалган китеп жарманкеси «Ала-Тоо» аянтында өтө турчу митингге байланыштуу, коопсуздук маселесинен улам 30-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Жоодар Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарманкеге бардык каалоочулар катыша алат, иш-чарада балдар адабияты тууралуу ата-энелерге пайдалуу кеп-кеңештер берилет.

«Жыл сайын 23-апрель — Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Бул жылы «Ала-Тоо» аянтында китеп жарманкесин өткөрүүнү туура көрдүк. Бирок ал күнү борбордук аянтта митинг болору белгилүү болуп, 30-апрелге жылдырдык. Китеп жарманкесине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинен, ЮСАИД, Америка элчилигинен өкүлдөр катышат. Жарманке концерттик программа менен коштолот», — деди Жумабаев.

Ошондой эле ал жаратмандар, ойлоп табуучулар өз чыгармасына ук

Дагы: https://sputnik.kg/Radio/20190422/1044066942/kitep-kunu-23-aprel-kyrgyzpatent.html

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.