Кыргызпатентте «Эне тил жана Айтматов» бурчу уюштурулуп, анда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган цитаталар топтому коюлду

Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, жаш муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке ж.б. мыкты сапаттарга тарбиялоо менен мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргызпатентте «Эне тил жана Айтматов» бурчу уюштурулган. Бурчта Ч. Айтматовдун жана анын чыгармалары боюнча тартылган кинолордон тартып алынган сейрек кездешүүчү сүрөттөр жана жазуучунун эне тил боюнча жазган цитаталары келтирилди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” — мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында уюштурулду.

Улуу жазуучунун чыгармаларын окуп олтуруп, «Тил тагдыры – эл тагдыры» демекчи, элибиздин басып өткөн жолу, эне тилибиздин ролу жана мааниси жөнүндө анын таамай айткан сөздөрү көөдөндү өрттөп, жан дүйнөңдү көзөп өтүп, буюккан элин далай бороондо түз жолго салчу касиетке ээ экенине ынанасың. Чынгыз Айтматовдун ошол Кыргызпатенттин “Эне тил жана Айтматов” бурчунда чагылдырылган айрым цитаталарын Сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

***

“Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдардагы белгилүү алман немец филологу Якоб Гримм: “Биздин тилибиз – бул биздин тарыхыбыз да”, — деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз – биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том, “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”)

 ***

“Ошол заманда кытайдан бир окумал саякатчы келип кыргыздардан сурайт:  “Бу не деген тоо?”. — Теңир-Тоо, — деген кыргыздар. Алиги окуумал “Теңир-Тоону” – “Тян-Шань” — деп кытайча которуп “Тян-Шань” деп жазып кетет… Биз, кыргыздар да кызыкпыз, кээде эне тилибиздеги сөздү айтпай, анын бөтөн тилинде бузулуп келгенин сүйлөйбүз… Ээ, балам, илгеркинин ыры бекер чыккан эмес: “Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом!” — деп… бекер чыккан ыр эмес-ов!..”

(Чыңгыз Айтматов “Ак кеме”)

***

“- Жолдош чоочун адам, мага орусча сүйлөңүз. Мен кызмат милдетин аткарып жүргөн кишимин, — деди кыйгач көздөрүнүн үстүндөгү кара каштарын бүркөп.

Бороондуу Эдигей уялып кетти.

— Э-э, кечир. Оңу болбой атса кечир, — деп мукактанып, андан аркы айтарын айта албай тили буулуп туруп калды.”

(Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн”)

***

“Эне – Ата Мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир!”

(Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн”)

***

“Бизге орус тили чоң кызмат кылып берди, азыр да кызмат кылып жатат. Бирок, азыркы аймагы, чөйрөсү жетишээрлик эмес. Жакшы билсең, эки-үч тилде жазганга не жетсин! Көп тилдүүлүк – коомдун эволюциялык өнүгүүсүнүн фактору.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том. “Менде юмор жок…”)

***

“Кыргыз элинин улуу мурасы – эпикалык традициясы мына ушундай баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалим. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли этикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том, “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”)

Эскерте кетсек, буга чейин жыл ичинде мекеме тарабынан бир катар иш-чаралар уюштурулган, анын ичинде «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» темасындагы туруктуу көргөзмө иштеп келүүдө, жазуучунун чыгармалары боюнча «Кыргызстандын көркөм өнөрүндөгү Айтматов ааламы»  жаш сүрөтчүлөрдүн альбом-каталогу  басмадан чыккан, «Жаштарды маданиятка тарбиялоодогу  Ч. Айтматовдун чыгармаларынын ролу» масштабдуу форуму жана  Ч. Айтматовдун  чыгармаларын изилдеген окумуштуулар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошону менен катар, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» аталышындагы илимий конференциясы 2018-жылдын 11-декабрында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин конференц-залында өткөрүлмөкчү.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.