• English
  • Кыргызча
  • Русский
МКК биз жөнүндө

Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги: Адам өзүнүн брендине патент алардан мурда анын актуалдуулугу жана экслюзивдүүлүгү жөнүндө ойлоосу керек - эксперт

Жарыяланган күнү : 
12/04/2012

Бишкек 12-апрель/Аида Жумашева – Кабар/. Адам өзүнүн брендине патент алардан мурда анын актуалдуулугу жана экслюзивдүүлүгү жөнүндө ойлоосу керек. Бул жөнүндө бүгүн, “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр чыгармалары” жөнүндө тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргызпатенттин ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө бөлүмүнүн эксперти Мирлан Бакиев билдирди.

Акипресс маалымат агенттиги: – Бишкекте жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчиктин объектилери деген маселелер талкууланды

Жарыяланган күнү : 
12/04/2012

Бишкек (АКИpress)– Бишкекте, 12-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчик объектилери катары” деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

CA-NEWS (KG) – Бишкекте жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчиктин объектилери деген маселелер талкууланды

Жарыяланган күнү : 
12/04/2012

CA-NEWS (KG) – Бишкекте 12-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчик объектилери катары” деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

Акипресс маалымат агенттиги: Кыргызпатент интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган иш-чаралардын циклдерин өткөрүүдө

Жарыяланган күнү : 
11/04/2012

Жыл сайын эл аралык коомчулук 26-апрелде Интеллектуалдык менчик күнүн белгилейт. 1967-жылы ушул күнү Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан негизделген Конвенция күчүнө кирген. 2002-жылдан баштап Кыргызстанда 26-апрель интеллектуалдык менчиктин Улуттук күнү катары белгиленип келе жатат.

Интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыккан 5 китептин бетачары болду

Жарыяланган күнү : 
23/12/2011

Баракелде - Кечээ, 22-декабрда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган 5 китептин бетачары болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлүп, ага жазуучулар, акындар, обончулар, манасчылар, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Бетачарда «Кыргыз Республикасынын жазуучулары (2-том)», «Кыргыз Республикасынын обончулары», «Кыргыз элинин манасчылары» маалымдама китептери жана балдарга арналган «Кыргыз эл жомоктору», «Байчечекей балдарга» аттуу китептер коюлду.

Кыргызпатент ведомствонун логотибин иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт

Жарыяланган күнү : 
20/12/2011

20 декабрь 2011, 12:25

Баракелде - КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) ведомствонун жаңы логотибин (эн белгисин) иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Сынакка бардык каалоочулар (сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор ж. б.), ошондой эле биринчи жолу катышкандар дагы катыша алат.

Калмаматов Ажибай Айтиевич, КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору: Ыр тууралуу талаш-тартыштар көп болот

Жарыяланган күнү : 
11/11/2011

- Кыргызпатентке авторлор кандайча катталышат? Теледе, радиодо жаңырган ырлардын авторлору айрым учурларда туура эмес айтылып калган учурлар болот, ошондой талаш-тартыштар болобу?

САЛТТУУ БИЛИМДЕРДИ КОРГОЙЛУ ЖАНА КОЛДОНОЛУ

Жарыяланган күнү : 
18/11/2011

Ажибай КАЛМАМАТОВ - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору

Салттуу билимдер, генетикалык ресурстар, укумдан-тукумга берилип келе жаткан маданияттын салттуу көрүнүштөрү (фольклор) ар коомдун интеллектуалдык мурасынын ажыратылгыс бөлүгү болуп келген.

КТРК: Улуттук каада-салттар боюнча семинар башталды

Жарыяланган күнү : 
10/11/2011

Бишкек, 10-ноябрь, 2011-жыл (КТРК). Унутта калып бара жаткан кыргыздын улуттук каада-салттарын өнүктүрүүнүн мезгили келип жетти. Маселен, улуттун улуулугун даңазалоо элдик оозеки чыгармаларда кенен чагылдырылган. Аны урпактарга жеткиликтүү билим аркылуу бере алсак, анда өз элин сыйлаган өлкө болуп, кыргыздар дүйнө элдерине тааныла алат.

Баракелде: Кыргызпатенттин жааматы «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурду

Жарыяланган күнү : 
03/11/2011

28 октябрь 2011, 16:21

Баракелде - Кыргызпатенттин жетекчилиги жана эмгек жамааты кыргыз тилин жана улуттук нарк-насилдерди жаштардын көкүрөгүнө сиңирүү максатында 2011-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурушту.