КР ченемдик укуктук база

Аталышы

Эл аралык келишмелер

1

Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы

2

ЭЛ АРАЛЫК ПАТЕНТТИК КЛАССИФИКАЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ СТРАСБУРГ МАКУЛДАШУУСУ

3

Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары

1

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ (150-статья. Автордук, чектеш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу)

2

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (II БӨЛҮК V БӨЛҮМ «ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК»)

3

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ (25-глава Интеллектуалдык менчикке шек келтирүүчү администрациялык укук бузуулар )

4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ “Патент мыйзамы”

5

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

1

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

2

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»

3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө»

4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды айдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу

5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ « Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»

6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө»

7

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

Жобо

1

Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө ЖОБО

2

Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө Жобосу

3

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобо

Эреже

1

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

2

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

3

Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

4

Пайдалуу моделге патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

Ойлоп табууга патент деген эмне?

Патент – бул интеллектуалдык менчик объектилерине кирүүчү ойлоп табууну пайдаланууга анын ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана монополиялык, өзгөчө укугун тастыктоочу коргоо документи.

Патент эмне үчүн керек?

Патент башка жактардын аны пайдаланышына тыюу салуу укугун камтуу менен, ойлоп табууга өзгөчө монополиялык укуктарды алуу үчүн керек.Ойлоп табууларды пайдалануу деп, жасап чыгаруу, колдонуу, алып кирүү, сатууга сунуштоо, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө башка киргизүү же ушул максатта патент менен корголгон ойлоп табууну камтыган продуктуну сактоо, ошондой эле патент менен корголгон ыкманы ойлоп табууга колдонуу таанылат.

Кайсы болбосун үчүнчү жак ойлоп табууну патент ээсинин уруксаты менен гана пайдалана алат. Мындай уруксаттама “лицензия” (лицензиялык келишим) деп аталып, мында өткөрүп берүүнүн бардык шарттары айтылат жана ал милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (мындан ары – Кыргызпатент) катталат.

Ойлоп табуу деген эмне?

Ойлоп табуу – бул өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында белгилүү бир керектөөнү канааттандырууга багытталган маселенин чыгармачылык техникалык чечилиши.Ойлоп табуу түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүү, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, штаммды жаңы арналыш боюнча колдонуу же техниканын жана технологиянын бардык тармактарындагы кайсы болбосун башка жаңы жетишкендик болушу мүмкүн.

Ойлоп табуу деп төмөндөгүлөр таанылбайт: илимий теориялар жана математикалык ыкмалар; чарбаны уюштуруу жана башкаруу ыкмалары, шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер; акыл операцияларын аткаруу ыкмалары; алгоритмдер жана ушу сыяктуу эсептөө машиналары үчүн программалар; курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары; курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү, коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана абийир принциптерине каршы келүүчү чечимдер.

Кандай шарттарда ойлоп табууга укуктук коргоо берилет?

Эгерде ал жаңы болуп эсептелсе, ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болсо жана өнөр жайында колдонууга жараса, ойлоп табууга укуктук коргоо берилет.Эгерде ал техника деңгээлинен белгилүү эмес болсо, ойлоп табуу жаңы болуп эсептелет.

Эгерде ал техника деңгээлинин ичинен ачык түрдө келип чыкпаса, ойлоп табуу ойлоп табуучулук деңгээлине ээ болот.

Эгерде ал өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, ойлоп табуу өнөр жайында колдонулуучу болуп эсептелет.

Ойлоп табууну коргоонун мөөнөтү кандай?

Ойлоп табууга патент Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде, жыйырма жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында күчүндө болот.Көрсөтүлгөн мөөнөттөр ичинде патентти күчүндө кармап туруу үчүн, патенттин аракетинин үчүнчү жылынан баштап, жыл сайын алымдарды төлөп туруу зарылдыгын эске тутуу керек, аларды төлөөнүн өлчөмдөрү жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Патент убакыттык гана эмес аймактык дагы чектөөгө ээ, ошондуктан Кыргыз Республикасында патент алуу, эгерде ал ошол жактарда патенттелбеген болсо, башка мамлекеттерде аны эркин пайдалануудан ойлоп табууну коргобойт.

Ойлоп табууга укукту кантип тариздөө керек?

Ойлоп табууга укуктарды алуу үчүн кайрылууда зарыл болгон документтердин топтому өтүнмө деп аталат.Ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын патентин берүүгө өтүнмө белгиленген Эрежелерге (Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин Кыргызпатенттин веб-сайтынан табууга болот) ылайык, Кыргызпатентке автор (авторлор), жумуш берүүчү, алардын укук мураскерлери тарабынан берилет.

Патент берүүгө өтүнмө бир ойлоп табууга же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ниетин (биримдүүлүк талабын) түзүү деңгээлине чейин бири-бири менен байланышкан ойлоп табуулардын тобуна тиешелүү болууга тийиш.

Ойлоп табууга өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

– патент берүү жөнүндө арыз (арыздын бланкын толтуруунун үлгүсү төмөндө келтирилет);

– ойлоп табуунун сыпаттамасы;

– ойлоп табуунун формуласы;

– чиймелер жана башка материалдар, эгерде алар ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо;

– реферат.

Өтүнмөнүн тили – кыргыз же орус. Ойлоп табуунун аталышы жана формуласы эки тилде тең берилүүгө тийиш.

Арыз, сыпаттама, чиймелер жана башка материалдар, ойлоп табуунун формуласы, реферат 2, калган документтер – бир нускада берилет.

Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Мындай учурда өтүнмөгө өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат тиркелет.

Өтүнмөгө өтүнмө бергендиги жана алдын ала экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ, же алым төлөөдөн бошотуу үчүн, же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз тиркелет.

Отүнмөнү кантип түзүү керек?

Ойлоп табууга патент берүү жөнүндө арыз стандарттык бланкта (Кыргызпатенттин жалпы бөлүмүнөн алууга, же Кыргызпатенттин веб-сайтындагы “Өтүнмөлөрдүн бланктары” бөлүмүнөн электрондук чыгарылышын көчүрүп алууга болот) коюлган суроолорго ылайык толтурулат.Анда жеке жактын атына же юридикалык жактын аталышына, жашаган жерине, жайгашкан жерине, өлкөнүн аталышына же ИМБДУнун стандарты боюнча өлкөнүн кодуна тиешелүү графалар толтурулат.

Эгерде өтүнмө ээлери бир нече болсо, анда алардын ар бири үчүн окшош маалыматтар берилет.

Эгерде кыйла мурдагы артыкчылык суралса, анда кыйла мурдагы өтүнмөнүн номери жана артыкчылык суралган дата көрсөтүлөт.

Андан ары ойлоп табуунун аталышы (54 коду), кат алышуу үчүн дарек (98 коду), телефон номери ж. б., эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе, патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтар (74 коду) көрсөтүлөт.

“Тиркелүүчү документтердин тизмеси” графасында тиешелүү чарчыларда “х” белгиси коюлат жана нускалардын саны көрсөтүлөт.

72 жана 97 коддордун астындагы графаларда автор (авторлор) жөнүндө маалыматтар, өлкөнүн аталышы жана жашаган жеринин дареги келтирилет.

Арызга өтүнмө ээси кол коёт; юридикалык жактын атынан – уюмдун жетекчиси (мөөрү менен) же патенттик ишенимдүү өкүл кол коёт.

Ойлоп табуунун сыпаттамасы аны ишке ашыруу үчүн толук, жеткиликтүү ачып берүүгө тийиш жана ойлоп табуунун аталышына, эгерде ал белгиленген болсо, ЭПК рубрикасына жана төмөнкү бөлүмдөргө ээ болууга тийиш:

– ойлоп табуу таандык болгон техниканын тармагы;

– техника деңгээли;

– ойлоп табуунун маңызы;

– чиймелердин фигураларынын жана башка материалдардын тизмеси (эгерде алар тиркелсе);

– ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүндүгүн тастыктоочу маалыматтар.

Ойлоп табуунун аталышы анын маңызына ылайык келүүгө жана анын арналышын мүнөздөөгө тийиш.

Техника тармагы бөлүмүндө ойлоп табуу таандык болгон тармак же бир нече тармактар көрсөтүлөт.

Техника деңгээли бөлүмүндө ойлоп табуунун өтүнмө ээсине белгилүү болгон аналогдору жөнүндө маалыматтар алардын ичинен билдирилген ойлоп табууга кыйла жакын окшошун, башкача айтканда прототибин бөлүп көрсөтүү менен келтирилет. Аларды мүнөздөөчү белгилердин тизмесинде аналогдорду сыпаттоодо билдирилген ойлоп табууга дал келүүчү белгилерди бөлүп көрсөтүшөт, талап кылынган техникалык натыйжага жетүүгө тоскоол болгон себептерди же кемчилдиктерди жана аналог ачылып көрсөтүлгөн маалымат булагынын библиографиялык маалыматтарын көрсөтүшөт. Мында билдирилген ойлоп табуу тарабынана четтетилген кемчилдиктерди гана көрсөтүү керек.

“Ойлоп табуунун маңызы” бөлүмүндө милдетин, техникалык натыйжасын жана маңызын келтиришет. Милдети деген түшүнүккө иштеп чыгууну, белгилүү бир арналыштагы ойлоп табууну түзүүнү, ал эми техникалык натыйжа түшүнүгүнө – ушул натыйжанын мүнөздөмөсүн, аларга жетүүгө бул ойлоп табуу өбөлгө түзгөн касиеттерди, кубулуштарды киргизишет. Ойлоп табуунун маңызында техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишээрлик болгон маанилүү белгилеринин жыйындысы сыпатталат. Эгерде алар техникалык натыйжага таасир этсе, белгилер маанилүүгө тиешелүү болот. Тиешелүү формулировкадагы маанилүү белгилеринин жыйындысы ойлоп табуунун формуласында чагылдырылууга тийиш. Бул бөлүмдө маанилүү белгилеринин жыйындысы жөнүндө маалыматтарды кыйла эркин баяндоолор менен келтиришет. Сыпаттамада келтирилген маанилүү белгилеринин жыйындысынын мүнөздөмөсү менен формулада бөлүнүп көрсөтүлгөн белгилердин жыйындысы дал келүүгө тийиш.

Фигуралардын чиймелеринин жана башка материалдардын тизмеси бөлүмүндө – фигуралардын тизмесинен тышкары, алардын ар биринде эмне чагылдырылгандыгына кыскача көрсөткүчтөр келтирилет. Эгерде ойлоп табуунун маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар берилсе, алардын мазмунунун кыскача түшүндүрмөсү келтирилет.

Ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүндүгүн тастыктоочу маалыматтар бөлүмүндө, коюлган милдеттерди чечүүнүн жыйынтыгын алуу менен, билдирилген ойлоп табууну ишке ашыруунун өтүнмө ээлери тарабынан сунушталгандарынын мыкты варианты баяндалат. Мында ойлоп табуу кандайча пайдаланылышы мүмкүн экендиги ачык көрсөтүлөт. Бул бөлүмдө сыпаттаманын толуктук даражасы, ушул бөлүмдүн негизинде (графикалык сүрөттөлүштөрдү жана башка материалдарды эске алуу менен) ойлоп табуунун конструктивдүү жана технологиялык иштелмесин жүргүзүүгө мүмкүн боло тургандай болууга тийиш.

Ойлоп табуунун формуласы – бул анын маңызын көрсөтүүчү жана укуктук коргоонун көлөмүн аныктоого арналган ойлоп табуунун кыскача сөз түрүндөгү  мүнөздөмөсү. Ойлоп табуунун формуласы бир сүйлөм түрүндө баяндалат жана эки – чектөөчү жана айырмалоочу бөлүктөн туруп, “мунусу менен айырмаланат” деген сөз айкаштары менен бөлүнөт.

Формуланын чектөөчү бөлүгү эң жакын окшошунун (прототибинин) белгилерине дал келүүчү белгилерден турат. Ойлоп табуунун формуласынын айырмалоочу бөлүгү ойлоп табуу алар аркылуу прототиптен айырмаланган белгилерден турат, б. а. формуланын бул бөлүгү ойлоп табуунун жаңылыгын мүнөздөйт.

Бул эрежелерге тиешелүү эместер болуп төмөндөгүлөр эсептелет: жеке химиялык аралашмалар, микроорганизмдердин штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүү; мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды жаңы арналыш боюнча колдонуу; окшоштору жок ойлоп табуу. Ойлоп табуулардын тобун мүнөздөөчү көп звенолуу формула топтун ар бир ойлоп табуусу үчүн өзүнүн көз карандысыз пунктуна ээ. Көз каранды пункттар алар баш ийген көз карандысыз пункттар  менен чогуу топтолот. Формула толугу менен сыпаттамага негизденүүгө жана өзүнчө бетке жайгаштырылууга тийиш.

Ойлоп табуунун формуласы боюнча ага киргизилген белгилерди объектинин белгилери менен салыштыруу аркылуу патенттин бузулгандыгы жөнүндө, мисалы коргоо документинин ээсинин уруксатысыз даярдалгандыгын билүүгө болот.

Реферат – бул ойлоп табуу жөнүндө кыскача маалымат, аталышын, техника тармагын жана бардык маанилүү белгилерин жана жетишилген техникалык натыйжаны көрсөтүү менен, ойлоп табуунун маңызын камтыйт. Рефератта ойлоп табуунун маңызы формуланы эркин баяндоо аркылуу мүнөздөлүп, мында ар бир көз карандысыз пункттун бардык маанилүү белгилери сакталат. Зарыл болгон учурда рефератка чиймени, химиялык формуланы, математикалык туюнтманы киргизишет.

Ойлоп табууну патенттөөнүн наркы канча?

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык ойлоп табууну патенттөө процессинде юридикалык мааниси бар аракеттерди ишке ашыргандыгы үчүн патенттик алымдар төлөнөт.Алым төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы №346-токтому менен бекитилип, 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523-токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө
жобо” менен аныкталат (Алымдар жөнүндө жобонун толук текстин Кыргызпатенттин веб-сайтынан табууга болот).

– Өтүнмө берүү                                                       40 эсептик көрсөткүчтөр

– Алдын ала эксперттөө                                       40 эсептик көрсөткүчтөр

– Маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү         150 эсептик көрсөткүчтөр

– Каттоо, жарыялоо жана патент берүү         50 эсептик көрсөткүчтөр

Төмөндөгүдөй жеңилдиктер караштырылат: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңелген адамдар, ошондой эле ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, 1-топтогу майыптыгы бар адамдар алым төлөөдөн толугу менен бошотулат; жеке жактар, алардын жашаган жерине карабай, алымдын өлчөмүнөн 10% төлөшөт; коммерциялык эмес уюмдар, илимий-изилдөө мекемелерин жана жогорку окуу жайларды кошуп, алардын жайгашкан жерине карабай алымдын өлчөмүнөн 10%төлөшөт.

Ойлоп табууга өтүнмөнү эксперттөөнүн тартиби кандай?

Ойлоп табууга өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу, алдын ала эксперттөөнү жана маңызы боюнча эксперттөөнү жүргүзөт.Өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде жүргүзүлүүчү формалдуу эксперттөө процессинде, өтүнмөнүн документтеринин курамы, алардын таризделишинин тууралыгы, билдирилген чечимдин ойлоп табуу объектилерине ылайык келиши текшерилет, өтүнмөнүн артыкчылыгы белгиленет. Эгерде өтүнмө формалдуу экспертизанын талаптарына ылайык келсе, өтүнмө ээсине өтүнмө карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.

Формалдуу экспертизадан оң чечим чыккан учурда патентке жөндөмдүүлүк талаптарына ылайыктуулугуна өтүнмөнү карап чыгуу жүргүзүлөт. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча өтүнмөнү карап чыгуу маңызы боюнча экспертөөнү жүргүзүү менен же жүргүзүүсүз ишке ашырылышы мүмкүн. Маңызы боюнча экспертөөнү (алдын ала эксперттөө) жүргүзүүсүз өтүнмөнү карап чыгуу 10 айдын ичинде жүргүзүлөт: андан оң натыйжа чыккан учурда өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги астында бериле турган патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактардын өтүнүч каты берилген күндөн тартып 18 айдын ичинде жүргүзүлөт. Андан оң натыйжа чыккан учурда Кыргызпатент КРнын патентин берүү жөнүндө чечим чыгарат.