• English
  • Кыргызча
  • Русский
Патент өкүлдөрү

Кыргызпатент товардык белгилерди каттоого өтүнмөлөрдү берүү жана кабыл алууу системасын автоматташтырат

Жайындалган күнү : 
2010-04-01

Бул маселе бүгүн, 1-апрелде Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын (МИМК) директору Улан Мелисбектин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен болгон жумушчу кеңешмеси учурунда талкууланды.

А. А. Бритнер Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды

Жайындалган күнү : 
2009-11-23

Патенттик ишенимдүү өкүл Аделия Александровна Бритнер, каттоо номери № 3, “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгарылды (23.11.2009-ж. № 224-буйрук).

А.А. Бритнер өзүн Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгарылды.

URL:
http://patent.kg/news/2009/11/24/1273.html

Акипресс:Кыргызпатенттин башчысы менен укук коргоочулардын ортосундагы каршылашуулар күч алууда (баяндама)

Жайындалган күнү : 
2009-08-21

Кыргызстандын патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек жана өз тарабына Кыргызстандын патентик ишенимдүү өкүлдөрүн кошуп алууга аракет кылып жатышкан Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин ортосундагы чыр-чатактар жана маалыматтык каршылашуулар күч алууда.

Ушул учурда түшүнүксүз нерселер көп, ал эми тараптар өз пайдасына коомдук пикирди тартууга умтулуу менен бири-биринин дарегине бир нече билдирүүлөр менен алмашышты.

Кыргызпатенттин жетекчилигинин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен кезектеги жолугушуусу

Жайындалган күнү : 
2009-08-28

2009-жылдын 28-августунда Кыргызпатенттин имаратында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилигинин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен кезектеги жолугушуусу болду.

Иштиктүү атмосферада Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү менен Мамлекеттик патент кызматынын ортосундагы өнөктөштүк өз-ара мамилелерин жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жаатында бир катар актуалдуу маселелер каралды. Кыргызпатенттин жетекчилери биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн сунуш пикирлерин жана каалоолорун угушту.

А.М. Вандаев Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды

Жайындалган күнү : 
2009-08-26

Патенттик ишенимдүү өкүл А.М. Вандаев, каттоо номуру №27, «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды (26.08.2009, №162 буйрук).

А.М. Вандаев 2009-жылдын 26-августундагы Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен өзүн чыгарып салуу жөнүндө берген арызынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды.

Кыргызпатентке Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен өзүн чыгарып салуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган патенттик ишенимдүү өкүл А.М. Вандаевден арыз келип түштү

Жайындалган күнү : 
2009-08-26

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен өзүн чыгарып салуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган патенттик ишенимдүү өкүл А.М. Вандаевдин арыз келип түштү.

А.М. Вандаев «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык өзүнүн берген арызынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарып салууну өтүнөт.

Тиркемеде патенттик ишенимдүү өкүл А.М. Вандаевдин арызы.

Азаттык: Домендик зона талашы уланууда

Жайындалган күнү : 
2009-08-21

Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.

Азаттык: “Кыргызпатент” жетекчиси айыптоолорду четке кагууда

Жайындалган күнү : 
2009-08-20

Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду четке кагууда.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши маалымат таратып, “Кыргызпатенттин” жетекчиси Улан Мелисбек интеллектуалдык менчик боюнча адистерден (түрдүү товардык белгилерди каттоо боюнча адистер) он миңдеген доллар акча өндүрүүгө аракет кылып жатканы айтып, башкы прокуратураны чара көрүүгө чакырган эле.

Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн аттестациясын өткөрүү боюнча аттестациялык комиссиянын отуруму

Жайындалган күнү : 
2009-05-08

2009-жылдын 8-майында Мамлекеттик патент кызматында Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн аттестациясын өткөрүү боюнча аттестациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Комиссиянын төрагасы болуп Кыргызпатенттин Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө башкармалыгынын начальниги А.Т.Токоев эсептелет.
Отурумда патенттин ишенимдүү өкүлү Н.Э.Мамбетсадыковду аттестациядан өткөрүү маселеси талкууланды.

Россия Федерациясында “Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди.

Жайындалган күнү : 
2009-03-31

31.03.2009, Москва 09:17:39 Россияда “Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам 2008-жылдын 24-декабрында Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынып, 2008-жылдын 29-декабрында Федерациялык Кеңеш тарабынан жактырылган жана РФнын президенти Д.Медведев тарабынан кол коюлган.