Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 14-октябрындагы Протокол менен кошулду
Марракеш ш.
1994-жылдын 15-апрели
Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө
МАРРАКЕШ МАКУЛДАШУУСУ
Бул Макулдашуунун мамлекет-катышуучулары,
алардын экономикалык жана соода мамилелери турмуш деңгээлин жогорулатууга, толук иш менен алектенүүгө жетүүгө, жогору жана дайыма өсүп туруучу чыныгы кирешелерди жана калктын үзүрлүү сурамына, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык дүйнөлүк ресурстарды эң эле максатка ылайыктуу пайдаланууда өндүрүштүн жана товарларды жана тейлөө кызматтарын соодалоодо көмөк берүү керек экендигин сезип, курчап турган чөйрөнү коргоодо жана алардын экономикалык өнүгүүсүнүн бирдей эмес деңгээлине байланыштуу тийиштүү керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алып, ушул максаттар үчүн ыңгайлаштырылган каражаттарды жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө умтулууну билдирип,
эл аралык сооданын өсүшүндө өнүгүп жаткан өлкөлөр, өзгөчө азыраак өнүккөндөр алардын экономикалык өнүгүшүндөгү талаптарга ылайык келген үлүштү ээлешине багытталган мындан аркы күч жумшоонун зарыл экендигин көңүлгө алып,
соодада тарифтерди жана башка тосмолорду олуттуу кыскартууга багытталган эки тараптуу жана өз ара пайдалуу макулдашууларды түзүү жолу менен ушул максаттарга жетүүгө өз салымын киргизүүгө умтулуп,
сооданы либерализациялоо боюнча күч жумшоонун мурунку натыйжаларын, Тарифтер жана соода боюнча генералдык макулдашууну жана ошондой эле көп тараптуу соода сүйлөшүүлөрдүн Уругвай раундунун натыйжаларын камтыган көп тараптуу ченемдин бүтүн, туруктуу жана үзүрлүү системасын түзүү зарыл экендигин билип, негизги принциптерди сактоонун толук ишеними менен жана көп тараптуу соода системанын негизинде жаткан максаттарга жетүүгө өбөлгө түзүү үчүн төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Уюмду түзүү
Бул Макулдашуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун түзөт (мындан ары “БСУ” деп аталат).
2-статья. БСУнун ишмердүүлүк чөйрөсү
1. БСУ макулдашуулардан жана ушул Макулдашууга карата Тиркемеге киргизилген юридикалык мүнөздөгү документтерге байланыштуу келип чыккан маселелер боюнча анын мүчөлөрүнүн өз ара соода мамилелеринин жалпы уюштуруу түзүмү болуп эсептелинет.
2. Макулдашуулар жана 1,2 жана 3-тиркемеге киргизилген юридикалык мүнөздөгү документтер (мындан ары “Көп тараптуу соода макулдашуулары”) (*) ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт жана БСУнун бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү түрдө күчкө ээ.
3. Макулдашуулар жана аларга байланыштуу 4-тиркемеге киргизилген юридикалык мүнөздөгү документтер (мындан ары “Катышуучулардын чектелген чөйрөсү менен чектелген соода макулдашуулары” деп аталуучулар) ошондой эле буга макулдугун билдирген БСУнун мүчөлөрү үчүн ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. БСУнун ушул мүчөлөрү үчүн милдеттүү түрдө күчкө ээ. Көп тараптуу мүнөздөгү Макулдашуулар буга макулдугун билдирбеген БСУнун мүчөлөрү үчүн кандайдыр бир укук же милдеттерди түзбөйт.
4. 1А тиркемесин түзгөн Тариф жана соода боюнча генералдык макулдашуу 1994 (мындан ары “ГАТТ 1994”деп аталуучу) 1947-жылдын 30-октябрында кол коюлган Тариф жана соода боюнча генералдык макулдашууга карата юридикалык өз алдынча документ болуп эсептелинет жана андан кийин өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен соода жана өнүктүрүү (мындан ары “ГАТТ 1947”деп аталуучу) боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Даярдоо комитетинин Экинчи сессиясынын ишинин жыйынтыгында кабыл алынган Корутунду актысына Тиркеме болуп эсептелинет.
3-статья. БСУнун милдеттери
1. БСУ ушул Макулдашуунун жана Көп тараптуу Соода макулдашуулардын максаттарын аткарууга, башкарууга жана жоболорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт, ошондой эле Көп тараптуу Соода макулдашуулардын жоболорун аткаруу, башкаруу жана ишке ашыруу үчүн механизм болуп эсептелинет.
2. БСУ ушул Макулдашууга тиркемелерди түзгөн макулдашуулар менен жөнгө салынган маселелер боюнча алардын өз ара соода мамилелерине карата анын мүчөлөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат.
БСУнун Министрлеринин конференциясынын чечими боюнча анын мүчөлөрүнүн ортосунда башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле ушундай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын юридикалык тариздөө үчүн уюштуруу механизмин түзүүнү камсыз кылат.
3. БСУ ушул Макулдашууга карата 2-тиркемени түзгөн талаш-тартыштарды жөнгө салууга карата эрежелер жана жол-жоболор жөнүндө түшүнүктү (“Талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө түшүнүк”) (**) башкарат.
4. БСУ ушул Макулдашууга карата 3-тиркемеге ылайык соода саясатын (мындан ары “ТПРМ”) деп аталуучу (***) кайра карап чыгуу механизмин башкарат.
5. Глобалдуу экономикалык стратегиянын калыптандырууда көбүрөөк макул болгондукка жетүү максатында БСУ зарыл болгондо Эл аралык валюталык фонд, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана алардын чектеш уюмдары менен өз ара иштешет.
4-статья. БСУнун түзүмү
1. Министрлердин конференциясы БСУнун бардык мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турат. Министрлердин конференциясынын сессиялары эки жылда 1 жолудан кем эмес өткөрүлүп турат. Министрлердин конференциясы БСУнун милдеттерин аткарат жана ушул максат менен кандай болбосун зарыл чараларды көрөт. Кайсы мүчөсү болбосун өтүнүчү боюнча министрлердин конференциясы ушул Макулдашуу жана тийиштүү көп тараптуу соода макулдашуулары менен караштырылган чечим кабыл алуу үчүн атайын талаптарды эске алып, көп тараптуу соода макулдашуулары менен жөнгө салынган кайсы маселелер болбосун чечимди кабыл ала алат.
2. Генералдык кеңеш бардык мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турат. Генералдык кеңештин отурумдары керектүү учурда өткөрүлөт. Министрлердин конференциясынын сессияларынын ортосундагы тыныгууларда анын милдеттерин Генералдык кеңеш аткарат. Генералдык кеңеш ошондой эле ушул Макулдашуу менен караштырылган башка милдеттерди дагы аткарат. Генералдык кеңеш 7-пунктта көрсөтүлгөн комитеттердин жол-жоболорунун эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет.
3. Генералдык кеңеш белгиленген тартипте талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө түшүнүккө ылайык талаш-тартыштарды жөнгө салуучу органдын милдеттерин аткарат. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча органдын өзүнүн төрагасы болот. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча орган өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген жол-жоболордун эрежелерин бекитет.
4. Генералдык кеңеш белгиленген тартипте Соода саясатын кайра карап чыгуу механизмине ылайык соода саясатын кайра карап чыгуу боюнча органдын милдеттерин аткарат. Соода саясатын кайра карап чыгуу механизминин өзүнүн төрагасы бар. Соода саясатын кайра карап чыгуу механизми өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген жол-жоболордун эрежелерин бекитет.
5. Соода менен байланыштуу Товарларды сатуу боюнча кеңеш, Тейлөө кызматтарын сатуу боюнча кеңеш жана Интеллектуалдык менчик аспектилери боюнча кеңеш (мындан ары “ТРИПС боюнча кеңеш”деп аталуучу) өз милдеттерин Генералдык кеңештин жетекчилиги астында ишке ашырат. Товарларды сатуу боюнча кеңеш ушул Макулдашууга карата 1А тиркемени түзгөн көп тараптуу соода макулдашуулардын жоболорунун аткарылышына байкоо жүргүзөт. Тейлөө кызматтарын сатуу боюнча кеңеш болсо Тейлөө кызматтарын сатуу боюнча Генералдык макулдашуунун (мындан ары “ГАТС”деп аталуучу) (****) жоболорунун аткарылышына байкоо жүргүзөт. ТРИПС боюнча кеңеш соода менен байланыштуу (мындан ары “ТРИПС Макулдашуусу” деп аталуучу) интеллектуалдык менчик аспектилери боюнча макулдашуунун жоболорунун аткарылышына байкоо жүргүзөт. Аталган кеңештер тийиштүү макулдашууларга ылайык караштырылган жана аларга Генералдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышат. Аталган кеңештер Генералдык кеңеш аларды жактырган шартында, өзүлөрүнүн жол-жоболор эрежелерин иштеп чыгышат жана бекитишет.Аталган кеңештерге мүчө болуу БСУнун бардык мүчөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн ачык. Аталган кеңештердин отурумдары керектүү учурларда өткөрүлөт.
6. Товарларды сатуу боюнча кеңеш, Тейлөө кызматтарын сатуу боюнча кеңеш жана ТРИПС боюнча кеңеш ушул Кеңештердин милдеттерин ишке ашыруу үчүн талап кылына турган жардамчы органдарды түзүшөт. Мындай жардамчы органдар аларды тийиштүү кеңеш жактырган шартында, өзүнүн жол-жоболор эрежелерин бекитет.
7. Министрлердин конференциясы Соода жана өнүктүрүү боюнча комитетти, эсептик баланска байланыштуу чектөөлөр боюнча комитет жана Бюджет, финансы жана башкаруу боюнча комитет түзөт. Аталган комитеттер ушул макулдашуулар жана көп тараптуу соода макулдашууларына ылайык караштырылган жана аларга Генералдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышат. Министрлердин конференциясы кошумча комитеттерди түзө алышат жана аларга тийиштүү милдеттерге жүктөй алышат. Соода жана өнүктүрүү боюнча комитет өз милдеттеринин бири катарында азыраак өнүккөн мүчөлөрүнүн пайдасына кабыл алган көп тараптуу макулдашуулардын жоболорун мезгилдүү карап чыгат. Аталган комитеттерде мүчө болуу бардык мүчөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн ачык.
8. Көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашуулары менен караштырылган органдары тийиштүү макулдашуулар менен караштырылган милдеттерди аткарышат жана БСУнун уюштуруу түзүмүнүн алкагында иштешет. Бул органдар үзгүлтүксүз түрдө өз ишмердүүлүгү тууралуу Генералдык кеңешке маалымат беришет.
5-статья. Башка уюмдар менен өз ара иштешүү
Генералдык кеңеш алардын ишмердүүлүк чөйрөсү БСУнун ишмердүүлүк чөйрөсү менен байланышкан маселелер боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен кеңеш берүү жана кызматташууну жүргүзүү үчүн зарыл иштерди жүргүзөт.
6-статья. Катчылык
1. БСУнун катчылыгын (мындан ары “Катчылык” деп аталуучу) Генералдык директор жетектейт.
2. Министрлердин конференциясы Генералдык директорду дайындайт жана анын ыйгарым укуктарына, милдеттерине, кызмат шарттарына жана мөөнөтүнө тийиштүү эрежелерди бекитет.
3. Генералдык директордун милдеттери өзгөчө эл аралык мүнөзгө ээ. Генералдык директор жана кызматкерлер БСУдан тышкары, кайсы бир Өкмөттөн же органдан көрсөтмөлөрдү сурашпайт жана алышпайт. Алар эл аралык уюмдун кызмат адамдарынын абалына терс таасир берүүчү аракеттерди болтурбоого аракеттенишет. БСУнун мүчөлөрү тийиштүү түрдө Генералдык директордун жана Катчылыктын кызматкерлеринин милдеттеринин эл аралык мүнөзүн сезүү менен алар өз милдеттерин аткарууда аларга кандайдыр бир таасир беришпейт.
7-статья. Бюджет жана төгүмдөр
1. Генералдык директор Бюджет, финансы жана башкаруу боюнча комитетке БСУнун жылдык бюджетинин жана финансылык отчётунун долбоорун берет. Бюджет, финансы жана башкаруу боюнча комитет Генералдык директор тарабынан берилген жылдык бюджеттин долбоорун карап чыгат жана Генералдык кеңешке тийиштүү сунуштарды киргизет. Жылдык бюджеттин долбоору Генералдык кеңеш тарабынан бекитилет.
2. Бюджет, финансы жана башкаруу боюнча комитет Генералдык кеңешке төмөнкүдөй жоболорду камтыган финансылык эрежелерди бекитүүгө берет:
а) БСУнун анын мүчөлөрүнүн ортосунда чыгымдарын бөлүштүргөн төгүмдөрдүн шкаласын; жана
b) өз төгүмдөрүн төлөө боюнча бересеси болгон мүчөлөрүнө карата колдонулуучу чаралар. Финансылык эрежелер максатка ылайыктуу түрдө финансылык эрежелерге жана ГАТТ 1947 практикасына негизделет.
3. Генералдык кеңеш өзүнө БСУнун бардык мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн камтый турган үчтөн эки добуш менен финансылык эрежелерди жана жылдык бюджеттин долбоорун бекитет.
4. Ар бир мүчө Генералдык кеңеш аркылуу бекитилген финансылык эрежелерге ылайык БСУнун чыгымдарын финансылоо үчүн анын үлүшүнө тийиштүү төгүмдөрдү өз убагында төлөөгө милдеттүү.
8-статья. БСУнун статусу
1. БСУ юридикалык жак болуп эсептелинет жана анын бардык мүчөлөрү тарабынан анын милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот.
2. БСУ анын бардык мүчөлөрү тарабынан анын милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон артыкчылыктарга жана иммунитеттерге ээ болот.
3. БСУнун мүчөлөрү ошондой эле БСУнун кызмат адамдарына жана анын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнө БСУнун ишмердүүлүгүнө байланыштуу алардын милдеттерин көзкарандысыз ишке ашыруу үчүн зарыл болгон артыкчылыктар жана иммунитеттер берилет.
4. БСУнун мүчөлөрү тарабынан кызмат адамдарына жана анын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнө берилген артыкчылыктар жана иммунитеттер БУУнун адистештирилген мекемелеринин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция караштырган артыкчылыктар жана иммунитеттер менен мааниси бирдей, анын тексти 1947-жылдын 21-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы тарабынан бекитилген.
5. БСУ штаб-квартираны жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө ыйгарым укугу бар.
9-статья. Чечимдерди кабыл алуу
1. БСУ «ГАТТ 1947ге» ылайык иштелип чыккан консенсус аркылуу чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасын колдонот. Эгер башкасы белгиленбесе, чечимди консенсус аркылуу кабыл алууга мүмкүн болбосо, талкуулануучу маселе добушка коюлат. Министрлердин конференциясынын жана Генералдык кеңештин отурумдарында БСУнун мүчөсү бир добушка ээ. Европа коомчулугу добуш берүүдө бир эле убакта БСУнун мүчөлөрү болуп эсептелинген аларга кирген мамлекеттердин санына барабар добуштун санына ээ болот. Министрлердин конференциясынын жана Генералдык кеңештин чечимдери эгер ушул Макулдашуу же колдонулуучу көп тараптуу соода макулдашуусу менен башкасы белгиленбесе, берилген добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Тийиштүү органдын чечими эгер чечим кабыл алынган учурда, отурумга катышкан мүчөлөрүнүн бири дагы сунуш кылынган чечимдин долбооруна каршы экендигин формалдуу түрдө айтып чыкпаса, консенсус аркылуу кабыл алынган болуп эсептелинет. Европа коомчулугунун жана аларга кирген мамлекеттердин добуштарынын саны кандай учурда болбосун Европа коомчулугуна кирген мамлекеттердин санынан жогору болбошу керек. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча орган катарында Генералдык кеңештин чечимдери Талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө түшүнүктүн 2-статьясынын 4-пунктунун жоболоруна ылайык гана кабыл алынат.
2. Министрлердин конференциясы жана Генералдык кеңеш ушул Макулдашууну жана Көп тараптуу соода макулдашууларын талкуулай турган өзгөчө компетенцияга ээ. Ушул Макулдашууга карата 1-тиркемени түзгөн көп тараптуу соода макулдашууну талкуулаган учурда, Министрлердин конференциясы же Генералдык кеңеш тийиштүү Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн байкоо жүргүзүүчү кеңештин сунуштарынын негизинде бул ыйгарым укукту ишке ашырат. Талкуулоо бардык мүчөлөрдүн добуштарынын төрттөн үчү менен жүргүзүлөт. Бул пункт 10-статьянын жоболорунан обочолоо үчүн пайдаланылбашы керек.
3. Өзгөчө учурларда Министрлердин конференциясы эгер башкасы ушул пункт менен караштырылбаса, мындай чечим БСУнун бардык мүчөлөрүнүн төрттөн үчү менен кабыл алынган шартында, ушул Макулдашууга же көп тараптуу соода макулдашууларына ылайык мүчөсүн кандайдыр бир милдеттемени аткаруудан бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
БСУнун мүчөсүн кандайдыр бир милдеттемени аткаруудан бошотуу жөнүндө чечим, анын аткарылышы өткөөл мезгил же этаптык имплементациялык мезгил менен шартталса, эгер бошотуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган БСУнун мүчөсү ушул мезгил бүткөнгө чейин тийиштүү милдеттемесин аткарбаса, консенсус менен гана кабыл алынат.
3(а). Ушул Макулдашуу менен караштырылган кандайдыр бир милдеттенмени аткаруудан бошотуу жөнүндө өтүнүч чечимди консенсус аркылуу кабыл алган тажрыйбага ылайык Министрлердин конференциясына карап чыгууга жиберилет. Министрлердин конференциясы 90 күндөн ашпаган ушундай өтүнүчтү карап чыгуу үчүн мөөнөттү белгилейт. Эгер белгиленген мөөнөттүн ичинде чечим консенсус аркылуу кабыл алынбаса, ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелеринен бошотуу жөнүндө чечим БСУнун мүчөлөрүнүн төрттөн үчү менен кабыл алынат.
(b). 1А, 1В же 1С тиркемесин түзгөн көп тараптуу соода макулдашууларда жана көрсөтүлгөн макулдашууларга карата тиркемелерде караштырылган кандайдыр бир милдеттемени аткаруудан бошотуу жөнүндө өтүнүч башталышында 90 күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде Товарларды сатуу боюнча кеңешке, Тейлөө кызматтарын сатуу боюнча кеңешке жана ТРИПС боюнча кеңешке карап чыгууга жиберилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө тийиштүү Кеңеш Министрлердин конференциясынын отчётун жиберет.
4. Ушул Макулдашуу же көп тараптуу соода макулдашуулары менен караштырылган милдеттенмелерден бошотуу жөнүндө чечимде чечимди кабыл алууну негиздеген өзгөчө абалдар, бошотуу берилген шарттары жана бошотуунун күчүнүн бүткөн күнү көрсөтүлүшү керек. 1 жылдан ашык мөөнөткө берилген кандай бошотуу болбосун, берилген мөөнөттөн тартып жана мындан ары жыл сайын ушундай бошотуунун күчүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин Министрлердин конференциясы тарабынан каралып чыгылышы тийиш. Бошотуунун күчүн ар бир карап чыгууда Министрлердин конференциясы бошотууну берүүгө негизделген өзгөчө абалдар дагы эле улантылуудабы жана бошотууну берүүнүн шарттары аткарылып жатабы, ушуларды белгилеши керек. Министрлердин конференциясы бошотуунун күчүн жыл сайын карап чыгуунун негизинде бошотуунун күчүнүн мөөнөтүн узарта алат жана анын күчүнүн шартын өзгөртө же анын күчүн токтото алат.
5. Ушундай макулдашуулар боюнча талкуулоону бекитүү же милдеттемелерден бошотуу жөнүндө чечимдерди кошкондо, көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашууларга карата чечимдер тийиштүү Макулдашуунун жоболоруна ылайык кабыл алынат.
10-статья. Оңдоолор
1. БСУнун кайсы мүчөсү болбосун ушул Макулдашууга карата 1-тиркеменин бөлүгүн түзгөн ушул Макулдашууга же көп тараптуу соода макулдашуусуна карата Министрлердин конференциясына карап чыгууга тийиштүү сунуштарды жиберүү аркылуу оңдоолорду сунуш кыла алат. 5-пунктта көрсөтүлгөн кеңештер ошондой эле Министрлердин конференциясына тийиштүү көп тараптуу соода макулдашуусуна карата оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды карап чыгууга жибере алат. Эгер Министрлердин конференциясы эң эле узак мөөнөттү белгилөөгө чечим кабыл албаса, анда БСУнун мүчөлөрүнүн карап чыгуусуна сунуш кылынган оңдоолорду жиберүү жөнүндө сунуштарды расмий киргизген күндөн тартып, 90 күндүн ичинде консенсус аркылуу гана кабыл алынат. Эгер 10-статьянын 2-пункту, 10-статьянын 5-пункту же 10-статьянын 6-пункту колдонулбаса, анда чечим 10-статьянын 3-пунктун же 10-статьянын 4-пунктун колдонууга көрсөтмөнү камтышы керек. Эгер көрсөтүлгөн чечим консенсус аркылуу кабыл алынса, анда сунуш кылынган оңдоолор БСУнун мүчөлөрүнө бекитүүгө жиберилет. Эгер убакыттын белгиленген мезгилинде Министрлердин конференциясы консенсус аркылуу чечим кабыл албаса, анда Министрлердин конференциясы БСУнун мүчөлөрүнүн үчтөн эки добушу менен БСУнун мүчөлөрүн бекитүүгө сунуш кылынган оңдоолор жиберилеби, ушу тууралуу чечим кабыл алат. 10-статьянын 2-пункту, 10-статьянын 5-пункту жана 10-статьянын 6-пункту менен белгиленген учурлардан тышкары, эгер Министрлердин конференциясы БСУнун мүчөлөрүнүн төрттөн үч добушу менен 10-статьянын 4-пунктунун жоболорун колдонуу жөнүндө чечим кабыл албаса, сунуш кылынган оңдоолорго10-статьянын 3-пунктунун жоболору колдонулат.
2. Бул Макулдашуунун ушул жана төмөндө аталган статьяларына карата оңдоолор аларды БСУнун мүчөлөрүнүн бардыгы кабыл алгандан кийин гана күчүнө кирет:
Ушул Макулдашуунун 11-статьясы;
«ГАТТ 1994түн» 1 жана 2-статьялары;
ГАТС статьясынын 1-пункту;
ТРИПС боюнча Макулдашуунун 4-статьясы.
3. 10-статьянын 2-пунктунда жана 10-статьянын 6-пунктунда көрсөтүлгөн оңдоолордон тышкары, БСУнун укуктарынын жана милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келген ушул Макулдашууга карата 1А жана 1С бөлүгүн түзгөн, ушул Макулдашууга же көп тараптуу соода макулдашуларына карата оңдоолор ушундай оңдоолорду кабыл алган БСУнун мүчөлөрү үчүн аларды БСУнун мүчөлөрүнүн үчтөн экиси кабыл алгандан кийин, натыйжада БСУнун калган мүчөлөрүнүн ар бири үчүн алардын ушундай оңдоолорду кабыл алган учурдан тартып күчүнө кирет.
Министрлердин конференциясы БСУнун мүчөлөрүнүн төрттөн үч добушу менен чечим кабыл ала алат.
4. 10-статьянын 2-пунктунда жана 10-статьянын 6-пунктунда көрсөтүлгөн оңдоолордон тышкары, БСУнун укуктарынын жана милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келбеген ушул Макулдашууга карата 1А жана 1С бөлүгүн түзгөн, ушул Макулдашууга же көп тараптуу соода макулдашууларга карата оңдоолор аларды үчтөн эки БСУнун мүчөлөрү кабыл алгандан кийин, ушундай оңдоолорду кабыл алган БСУнун бардык мүчөлөрү үчүн күчүнө кирет.
5. 10-статьянын 2-пунктунда белгиленген учурдан тышкары, ГАТСтын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө жана тийиштүү жоболорго оңдоолор аларды үчтөн эки БСУнун мүчөлөрү кабыл алгандан кийин, ушундай оңдоолорду кабыл алган БСУнун бардык мүчөлөрү үчүн күчүнө кирет, ал эми жыйынтыгында калган БСУнун мүчөлөрү үчүн алар ушул оңдоолорду кабыл алган учурдан тартып күчүнө кирет. Министрлердин конференциясы БСУнун мүчөлөрүнүн төрттөн үч добушу менен чечим кабыл алат, мында жогоруда аталган жобого ылайык кабыл алынуучу кайсы оңдоо болбосун ушундай оңдоону кабыл албаган БСУнун кайсы мүчөсү болбосун, Министрлердин конференциясы белгилеген мезгилдин ичинде БСУнун курамынан чыгууга же Министрлердин конференциясынын макулдугу менен БСУга мүчөлүгүн сактап калууга укук берүүчү мүнөзгө ээ. ГАТСтын 4, 5 жана 6-бөлүктөрүнө жана тийиштүү жоболорго оңдоолор аларды үчтөн эки БСУнун мүчөлөрү кабыл алгандан кийин, ушундай оңдоолорду кабыл алган БСУнун бардык мүчөлөрү үчүн күчүнө кирет.
6. Ушул статьянын башка жоболоруна карабастан, ТРИПС Макулдашуусунун 71-статьясынын 2-пунктунун талаптарын канааттандыруучу ТРИПС Макулдашуусуна карата оңдоолор аны андан кийин БСУнун мүчөлөрү кабыл алган зарылдыгы жок эле, Министрлердин конференциясы тарабынан кабыл алынат.
7. Ушул Макулдашууга карата 1-тиркеменин бөлүгүн түзгөн ушул Макулдашууга же көп тараптуу макулдашууга карата оңдоону кабыл алган БСУнун ар бир мүчөсү Министрлердин конференциясы тарабынан тийиштүү оңдоону кабыл алуу үчүн белгиленген мезгилдин ичинде БСУнун Генералдык директоруна ушундай оңдоону кабыл алгандыгы тууралуу документти берет.
8. БСУнун кайсы мүчөсү болбосун, Министрлердин конференциясына тийиштүү сунушту карап чыгууга жиберүү аркылуу ушул Макулдашууга карата 2 же 3-тиркеменин бөлүгүн түзгөн көп тараптуу макулдашууга оңдоолорду сунуш кыла алат. Ушул Макулдашууга карата 2-тиркеменин бөлүгүн түзгөн көп тараптуу макулдашууга карата сунуш кылынган оңдоолорду бекитүү жөнүндө чечим, консенсус аркылуу кабыл алынат жана сунуш кылынган оңдоолор Министрлердин конференциясы ушул оңдоолорду аны бекиткенден кийин БСУнун бардык мүчөлөрү үчүн күчүнө кирет.
9. Министрлердин конференциясы кайсы бир соода макулдашуусунун тараптары болуп эсептелинген БСУнун мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча ушундай макулдашууну ушул Макулдашууга карата 4-тиркемеге киргизүү жөнүндө чечимди өзгөчө консенсус менен кабыл алат. Министрлердин конференциясы көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашуусунун тараптары болуп эсептелинген БСУнун мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча ушул Макулдашууга карата 4-тиркемеден бул Макулдашууну чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
10. Кайсы болбосун көп таптуу мүнөздөгү соода макулдашуусуна оңдоолорду кабыл алуу ушундай Макулдашуунун жоболору менен жөнгө салынат.
11-статья. Баштапкы мүчөлүк
1. БСУнун баштапкы мүчөлөрү болуп ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурда «ГАТТ 1947нин» Келишим түзүүчү тараптары, ошондой эле ушул Макулдашууну жана Көп тараптуу соода макулдашууларын кабыл алуучу жана ГАТТка атайын ыктыярдуу өткөрүп берүүлөрдүн жана атайын милдеттенмелердин тизмесин жана ГАТСка атайын милдеттенмелердин тизмесин тиркешкен Европа коомчулугу эсептелинет.
2. Бириккен Улуттар Уюму катарында каралуучу азыраак өнүккөн өлкөлөр алардын өнүгүү деңгээли, финансылык жана соода мүнөздөгү керектөөлөрү, ошондой эле алардын административдик жана уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү менен туура келүүчү ушундай эле милдеттенмелерди гана кабыл алууга жана ушундай эле ыктыярдуу өткөрүп берүүлөргө мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
12 статья Кошулуу
1. Өзүнүн тышкы соода иштерин жана ушул Макулдашууда жана көп тараптуу соода макулдашууларында караштырылган башка маселелерге карата иш жүргүзүүдө, кайсы мамлекет болбосун же өзүнчө бажы аймагы, ушундай мамлекет менен БСУнун ортосунда макулдашууга тийиштүү шартында, ушул Макулдашууга кошула алат. Мындай кошулуу ушул Макулдашууга жана көп тараптуу соода макулдашууларына карата бир эле убакта орду бар.
2. Кошулуу жөнүндө чечим Министрлердин конференциясы тарабынан кабыл алынат. Министрлердин конференциясы кошулуунун шарттары жөнүндө макулдашууну БСУнун мүчөлөрүнүн үчтөн эки добушу менен бекитет.
3. Көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашуусуна кошулуу тийиштүү Макулдашуунун жоболору менен жөнгө салынат.
13-статья. БСУнун өзүнчө мүчөлөрүнүн ортосунда көп тараптуу соода макулдашууларын колдонбоо
1. Ушул Макулдашууга карата 1 жана 2-тиркемелерин түзгөн жана ушул Макулдашуу жана көп тараптуу соода макулдашуулары эгер алардын бири ошол убакта качан башкасы БСУнун мүчөсү болуп атканда ушундай колдонууга макул болбосо, БСУнун кайсы мүчөсү болбосун жана БСУнун башка мүчөсүнүн ортосунда колдонулбайт.
2. «ГАТТ 1947нин» Келишим түзүүчү тараптары болуп эсептелинген БСУнун баштапкы мүчөлөрү өзүлөрүнүн өз ара мамилелеринде эгер алар мурун көрсөтүлгөн макулдашуунун 35-статьясына шилтеме кылышса жана бул статья алардын ортосунда ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурда колдонулса, 13-статьянын 1-пунктуна шилтеме кылат.
3. 13-статьянын 1-пункту БСУнун кайсы мүчөсү болбосун жана ушул Макулдашуунун 12-статьясына ылайык БСУга кошулган кайсы бир башка мүчөсүнүн ортосунда эгер ушундай колдонууга макул болбогон БСУнун мүчөсү кошулуу шарттары тууралуу Министрлердин конференциясы тарабынан бекитилгенге чейин Министрлердин конференциясына ушул жөнүндө кабарлаган учурда гана колдонулат.
4. Министрлердин конференциясы өзүнчө учурларда БСУнун кайсы мүчөсү болбосун өтүнүчү боюнча ушул статьянын колдонулушун карап чыга алат жана тийиштүү сунуштарды киргизе алат.
5. Ушундай Макулдашуунун тараптарынын ортосунда көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашуусунун колдонулбашы тийиштүү Макулдашуунун жоболору менен жөнгө салынат.
14-статья. Кабыл алуу, күчүнө кириши жана сактоого өткөрүп берүү
1. Бул Макулдашуу, ушул Макулдашууга 11-статьяга ылайык кол коюу же башка ыкма аркылуу БСУнун баштапкы мүчөлөрүнө коюлган талаптарды канааттандырган, «ГАТТ 1947нин» келишим түзүүчү тараптары жана Европа коомчулугу тарабынан кабыл алуу үчүн ачык. Мындай кабыл алуу бир эле убакта ушул Макулдашууга карата Тиркемелерди түзгөн ушул Макулдашууга, ошондой эле көп тараптуу соода макулдашууларына карата орду бар. Бул Макулдашуу жана көп тараптуу соода макулдашуулары көп тараптуу соода сүйлөшүүлөрүнүн Уругвай Раундунун Корутунду Актысынын 3-пунктуна ылайык, Министрлер тарабынан белгиленген күнү күчүнө кирет жана эгер Министрлер башка чечимди кабыл албаса, кийинки 2 жылдын ичинде кабыл алуу үчүн ачык болот. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин аны БСУнун жаңы мүчөсү тарабынан кабыл алышы, кабыл алган учурдан тартып, отузунчу күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, аны кабыл алган БСУнун мүчөсү көп тараптуу соода макулдашуулары караштырган милдеттемелерди аткарат жана ыктыярдуу түрдө өткөрүп берет.
3. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурга чейин анын тексти жана көп тараптуу соода макулдашуулардын текстери, «ГАТТ 1947нин» Келишим түзүүчү тараптарынын Генералдык директоруна сактоого өткөрүлүп берилет. Генералдык директор ушул Макулдашууну кабыл алган ар бир Өкмөткө жана Европа коомчулугуна ушул Макулдашуунун жана көп тараптуу соода макулдашуулардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле ар бир башка мамлекеттин ушуларды кабыл алгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберет. Ушул Макулдашуу жана көп тараптуу соода макулдашуулары, ошондой эле аларга карата кабыл алынган оңдоолор ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин БСУнун Генералдык директоруна сактоого өткөрүлүп берилиши керек.
15-статья. Макулдашуудан чыгуу
1. БСУнун кайсы мүчөсү болбосун ушул Макулдашуудан чыгуусу жөнүндө билдире алат. Ушул Макулдашуудан чыгуу Көп тараптуу соода макулдашууларынан бир убакта чыгууну билдирет. Мындай чыгуу БСУнун Генералдык директору тарабынан чыгуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлоо алган учурдан тартып, алты айдын ичинде күчүнө кирет.
16-статья. Ар түрдүү токтомдор
1. Ушул Макулдашуу же көп тараптуу соода макулдашуулары менен караштырылган учурлардан тышкары, БСУ өз ишмердүүлүгүндө ГАТТ 1947нин Келишим түзүүчү тараптарынын жана ГАТТ 1947нин алкагында түзүлгөн органдардын чеимдерин, жол-жоболорун жана кадимки тажрыйбаларын жетекчиликке алат.
2. Бул максатка ылайыктуу келгенде, ГАТТтын Катчылыгы БСУнун Катчылыгына кайра түзүлөт жана ГАТТ 1947нин Келишим түзүүчү тараптарынын Генералдык директору ушул макулдашуунун 6-статьясынын 2-пунктуна ылайык генералдык директорду Министрлердин конференциясы дайындаганга чейин Генералдык директордун милдетин аткарат.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору менен кайсы бир көп тараптуу соода макулдашууларынын жоболорунун ортосунда карама-каршылык келген учурда, көп тараптуу соода макулдашууларынын жоболору артыкчылык күчкөө ээ болот.
4. Уюмдун ар бир мүчөсү ушул Макулдашууга карата Тиркемени түзгөн Макулдашуулар караштырган милдеттемелерге өзүлөрүнүн мыйзамдарын, ички эрежелерин жана административдик жол-жоболорун ылайык келишин камсыз кылышы керек.
5. Ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жоболоруна карата тактоолор берилбейт. Көп тараптуу соода макулдашууларынын кандайдыр бир жоболоруна карата тактоолор ушул макулдашууларда караштырылган алардын мүмкүнчүлүгүнө карата берилет. Көп тараптуу мүнөздөгү соода макулдашуулардын жоболоруна карата тактоолор тийиштүү Макулдашуунун жоболору менен жөнгө салынат.
6. Бул Макулдашуу Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясына ылайык каттоодон өткөрүлөт.
Бир миң тогуз жүз токсон төртүнчү жылы он бешинчи апрелинде англис, француз жана испан тилдеринде бир нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей акыйкаттуу болуп эсептелинет.
Эскертүүлөр
Ушул Макулдашууда жана көп тараптуу соода макулдашууларында колдонулуучу “мамлекет” же “мамлекеттер” деген терминдер БСУнун мүчөсүнүн кайсы болбосун өзүнчө бажы аймагына дагы тийиштүү. Эгер БСУнун мүчөсүнүн өзүнчө бажы аймагы билдирилген учурда, “улуттук” деген терминди колдонууда, эгер башкасы белгиленбесе, ушундай термин ошол бажы аймагына тийиштүү катарында талкууланышы керек.
(*) Англис текстинде “Multilateral Trade Agreements” термини колдонулат.
(**) Англис текстинде “Understanding on Rules and Procedures Governing the Settlement of Disputes” термини колдонулат .
(***) Англис текстинде “Trade Policy Review Mechanism”, кыскартылганда - “TPRM” термини колдонулат.
(****) Англис текстинде - General Agreement on Trade in Services (GATS).
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| Приложение 1. Соглашение по торговым аспектам прав интеллектуальной собственности | 205.5 KB |
