Урматтуу Ажибай Айтиевич!
Жарыяланган күнү :
13/09/2011 Сиздин 2011-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин уюштуруучу отурумунда Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттер аралык кеңештин Төрагалыгына шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктообузду кабыл алыңыз.
Сизге интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө ийгиликтерди жана мындан аркы жетишкендиктерди каалайбыз.
Урматтоо менен, Кыргызпатенттин жамааты

