• Кыргызча
  • Русский
МПТКда "Автордук укуктарды коргоо" аттуу китеп көргөзмөсү ачылды
Жарыяланган күнү : 
06/04/2011

КРнын МПТКсынын Патенттик фонд бөлүмүндө 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук китеп күнүнө арналган “Автордук укуктарды коргоо” деген темада адабияттардын көргөзмөсү уюштурулду.

Экспозиция дүйнөдө жана Кыргыз Республикасында автордук укуктарды (АУ) коргоонун тарыхын ачып берет. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, берилген тема боюнча КРнын Граждандык, Кылмыш-Жаза, Бажы кодекстеринен үзүндүлөр коюлду.

Окурмандардын көңүл борборуна Кыргыз Республикасынын жазуучуларынын, композиторлорунун, сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык ишмердүүлүктөрү жөнүндө кыйла толук маалымдамалар сунушталды.

Интернетте АУнун бузулушу, АУ жана бизнес, АУ жана спорт, ЖМК, мыкты ашкананын рецептерин коргоо, башталгыч копирайтерге кеңеш сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча мезгилдүү басылмаларга жарыяланган көп макалалар дагы бар.

Бул көргөзмөнүн материалдары бардык кызыкдар болгон адистерге, барыдан мурда жаштарга интеллектуалдык менчик, аны укуктук коргоо жөнүндө, бул маанилүү жана кызыктуу тармак Кыргызстанда кандай өнүгүп жаткандыгы туурасында тереңирээк билүүгө жардам берет.