Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын кеңешме залында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата кеңешме болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун орунбасары, Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Д.Б.Сыдыков ачып, кыргыз тилине мамлекеттик статус берүү жөнүндө Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 21 жылдыгы менен куттуктады жана тилди мындан ары өнүктүрүүнүн, аны жакшыртуунун жана турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүндө колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Теманы Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөсү – Материалдарды даярдоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы Акималы Чекиров , Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун Уюштурууну камсыз кылуу секторунун башчысы Маркабай Ааматов, Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Жаныке Казаков, ошондой эле Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө башкармалыгынын начальниги Абдикалил Токоевдер улантышты. Алар мамлекеттик тилди жайылтуу жана өнүктүрүү үчүн ведомствонун алкагында жасалып жаткан иштер туурасында айтышты.
Атап айтканда, ведомствонун расмий жана маалыматтык бюллетендери жана журналдары кыргыз жана орус тилдеринде дайыма чыгарылып турат. Быйыл Кыргызпатент тарабынан интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө колдонулуучу терминдердин глоссарий – сөздүгүнүн ведомстволук жаңы чыгарылышы даярдалууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди пайдаланууну кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, кыргыз жазуучулары жана акындары, композиторлору, сүрөтчүлөрү жана ойлоп табуучулары жөнүндө маалымдамалар чыгарылды. Андан тышкары Кыргызпатентке караштуу ИМ Мамфонду кыргыздын жаш акын-жазуучуларына колдоо көрсөтүү менен, алардын чыгармаларын басып чыгарып келет. Кыргызпатент тарабынан жыл сайын чыгарылып туруучу “Саамалык” адабий альманахы алардын көпчүлүгүнүн адабий чыгармачылыкка карата жолун ачып келет.
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга жетишээрлик көңүл бурулбай жаткандыгы жөнүндө дагы пикирлер айтылды. Ошондуктан бул багыттагы иштерди жигердүүлүк менен алып баруулар керектиги белгиленди.
