2010-жылы 25–27-августта Мангалия ш. (Румыния) Компьютердик программалык камсыздоону жана маалымат базаларын коргоо боюнча аймактар аралык семинар болду. Семинарга Кыргызпатенттен Маалыматтык системаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Сыдыкбеков катышты.
Семинар ИМБДУ (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму) тарабынан Ойлоп табуулар жана товардык белгилер боюнча Румыниянын мамлекеттик ведомствосу (OSIM), ошондой эле Автордук укуктар боюнча Румын Бюросу (ORDA) менен биргеликте уюштурулду.
Семинардын ишине Албаниянын, Эстониянын, Латвиянын, Польшанын, Болгариянын, Молдованын, Украинанын, Сербиянын, Улуубританиянын, Германиянын, Литванын, Словениянын, Хорватиянын, Чехиянын, Грузиянын интеллектуалдык менчик боюнча улуттук ведомстволорунун өкүлдөрү, андан тышкары Румыниянын кээ бир программалык камсыз кылууну иштеп чыгуучу-компаниялары, ошондой эле ИМБДУнун жана ЕПОнун өкүлдөрү катышышты.
Чогулгандарга куттуктоо сөзү менен Ойлоп табуулар жана товардык белгилер боюнча Румыниянын мамлекеттик ведомствосунун (OSIM) башкы директору Габор Варга кайрылып, иштин үзүрлүү болушун каалады.
“Программалык камсыз кылуунун интеллектуалдык менчигин эл аралык коргоо” деген темадагы баяндамасы менен Автордук укук боюнча Борбордук жана Чыгыш Европалык альянстын (CEECA) төрагасы доктор Михайли Фичера чыгып сүйлөп, өз сөзүндө ал эл аралык деңгээлде программалык камсыздоону (ПК) коргоонун мыйзам чыгаруучулук аспектилерин козгоду, ал эми ИМБДУнун патенттик бөлүмүнүн башчысы Томоко Миямото болсо, ПКны патенттөө маселелери боюнча баяндама жасады.
Семинардын катышуучулары программалык камсыз кылуу жаатындагы лицензиялаштыруу, программалык камсыз кылууну коргоо: теория жана практика сыяктуу маселелерди, ошондой эле программалык камсыз кылууну коргоодогу мамлекеттик органдардын ролун жана мыйзамсыз пайдалануудан жана көчүрмөлөөдөн маалымат базаларын сактоонун келечегин талкуулашты.
ПКны патенттөө, программалык камсыз кылууга жана маалымат базаларына автордук укуктарды коргоо маселелери, ошондой эле эркин жайылтылуучу ПК жана ачык коддуу ПК, каракчылык жана бул көрүнүшкө каршы күрөшүүнүн жолдору сыяктуу темалар семинардын катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Улуттук бюронун өкүлдөрү электрондук өкмөттөрдү, китепканаларды, ар түрдүү маалымат базаларын түзүү сыяктуу багыттар боюнча МБТны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
