• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент өлкөнүн китепканаларына интеллектуалдык менчик тармагында эки миңге жакын китеп берди.
Жарыяланган күнү : 
27/01/2010

Кыргызпатент коомчулукка усулдук жардам берүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик системасы жөнүндө маалыматташтыруу максаттарында областтык, аймактык, ошондой эле жогорку окуу жайларынын китепканаларына 1929 нуска китептерди берди.

Интеллектуалдык менчик тармагындагы адабияттар Чүй областынын Аламүдүн райондук китепканасына, ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргыз агрардык университетинин, Кыргыз экономика университетинин китепканаларына берилди.