Урматтуу мырзалар!
Сиздерди келе жаткан 23-февраль – Мекенди коргоо күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Байыртадан эле эр азаматтар аялдардын бекем таянычы, ишенимдүү жолдошу жана коргоочусу болуп келген.
Сиздер биздин аталарыбыз, бир туугандарыбыз, ошондой эле Мекенди коргоочусуңар.
Биздин жашообуздагы силердин ээлеген ордуңарды биз терең баалайбыз жана сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, түгөнбөс бакыт жана иштериңерге ийгиликтерди каалайбыз.
Сиздер болгон үчүн Мекенибизде, үй-бүлөдө жана жамаатта бакубатчылык бар!
Урматтуу мырзалар жашооңордо дайым тынчтык болсун, эң башкысы кайратыңардан жазбагыла!
Аялдар жамааты!

