• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент көчмө семинар уюштурду
Жарыяланган күнү : 
23/01/2012

2012-жылдын 20-январында И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик” деген темада семинар болуп өттү.

Семинарга И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары, КМТУуга караштуу Кошумча билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору А. Обозова, Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты жана анда Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик маселелери каралды жана талкууланды.

Семинарды КМТУуга караштуу КБ жана КЖИнин директору А. Обозова ачты. Кыргызпатенттин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси А. Каракожоев Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик системасы жөнүндө, Кыргызпатенттин ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө бөлүмүнүн башчысы А. Бердалиев Кыргызстандагы патент системасы жана өтүнмө, патент берүү жол-жоболорун айтып беришти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын автордук укук объектилери секторунун башчысы Ж. Садыкова Кыргыз Республикасындагы бүтүндөй автордук укуктар жана автордук укук объектилерин каттоо жөнүндө сөз кылды, ал эми өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызпатентке караштуу ИМ Мамфондунун уюштуруу камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Д. Түлөбердиева Кыргыз Республикасындагы илимий-ойлоп табуу ишмердүүлүктөрүн демилгелөө маселелерине токтолду. Борбордук Азиядагы CRDF Технологиялык Ишмердикти өнүктүрүү боюнча Программага тиешелүү суроолорго А. Каракожоев өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө жооп берди.

Семинардын аягында университеттин өкүлдөрү жана окутуучулар Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришип, ушундай маанилүү маалыматтык пландагы иш-чараларды уюштурууда кызматташуунун улана беришине ишенимдерин билдиришти.