Тажикстан Республикасынын Улуттук патенттик-маалымат борборунан куттуктоо кат
Жарыяланган күнү :
29/12/2011 2011-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. Калмаматовдун атына Тажикстан Республикасынын Улуттук патенттик-маалымат борборунун директору Н. Нигматуллаевадан куттуктоо келди. Анда мындай деп айтылат:
“Урматтуу Ажибай Айтиевич!
Сизди жана Кыргызпатенттин бардык эмгек жамаатын келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Жаңы жыл Сиз жана Сиздин кызматкерлер үчүн жетишкендиктердин, өркүндөп-өсүүнүн жана эң бир аруу тилектердин жылы болсун, ал кубаныч, бакыт жана ийгилик алып келсин!”

