• English
  • Кыргызча
  • Русский
Жаңы жылыңыздар менен!
Жарыяланган күнү : 
28/12/2011

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 2012-жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Мен өтүп бара жаткан жылдагы биздин мекеменин негизги аракеттеринин урунттуу гана маселелерине токтолсом:

- 2011-жыл биздин Кыргызпатент үчүн иштиктүү, жемиштүү, жаңылыктарга бай жылдардан болду. Биздин ведомство интеллектуалдык менчикке байланыштуу 10дон ашык эл аралык семинарларды, конференцияларды жогорку деңгээлде өткөрүп, ИМБДУнун жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн арасында кадыр-баркы артты.

- 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун катышуусу менен эл аралык коомчулуктун алдыңкы тажрыйбалары эсепке алынып иштелип чыккан 2012–2016-жылдары Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилди.

- Өзүңүздөргө белгилүү, 2011-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин уюштуруу жыйынында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматына Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттер аралык кеңештин Төрагалыгын аркалоо милдети тапшырылды. Бул да болсо биздин Кыргызпатенттин аброюнун чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн арасында жана интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө өскөндүгүн далилдеп турат.

Урматтуу кесиптештер, 2012-жылы Улуттук стратегиянын негизги максаты болгон интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүк системаларын жакшыртуу жолу менен өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө биздин Кыргызпатенттин аткара турган иштери арбын. Дегеле, Кыргызстанда интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү жаатында ар бириңиздердин милдетиңиздер ат көтөргүс.

Ошондуктан, Сиздерге жаңы жылда ден соолукту, ишиңиздерге ийгиликтерди, жакшылыктарды үй-бүлөдө барчылыкты, молчулукту каалайм!

Өлкөбүздө тынчтык болсун! Бар болуңуздар!

А. Калмаматов,
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик интеллектуалдык
менчик кызматынын директору