• Кыргызча
  • Русский
“Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо” темасы боюнча кыска мөөнөттүү окуу курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу
Жарыяланган күнү : 
23/12/2011

2011-жылдын 23-декабрында Кыргызпатентте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы аракет боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын чечимин аткаруу менен уюштурулган “Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо” темасы боюнча кыска мөөнөттүү окуу курсу аяктады.

Угуучулар тобу 2011-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин окуу курсунан өтүштү. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында: укук коргоо, контролдоо жана сот органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргызпатенттин жана Кыргызпатентке караштуу ИМ Мамфондунун адистери болушту.

Курстун максаты – угуучуларга интеллектуалдык менчик жөнүндө жана интеллектуалдык менчик укуктарын бир кыйла натыйжалуу коргоо үчүн анын объектилерин коргоо жана бул жаатта укуктук бузууларга каршы аракеттер жөнүндө негизги билимдерди берүү.

Интеллектуалдык менчик маселелерине тиешелүү ар түрдүү темалардагы лекциялар менен ИМ жаатындагы квалификациялуу эксперттер – Кыргызпатенттин адистери чыгып сүйлөштү. Ошону менен бирге алар интеллектуалдык менчик жөнүндө жалпы түшүнүктөр, терминдер, ИМ жаатындагы иштеп жаткан эл аралык келишимдер, ИМ объектилерин пайдалануу, укуктук коргоо, ИМ объектилерин контрафакт эместигин аныктоо үчүн эксперттөө, өнөр жай менчиги, селекциялык жетишкендиктер жана автордук укук (аппеляциялык совет) объектилери жана башкалар менен байланышкан талаш-тартыштарды карап чыгуу жөнүндө айтып беришти.

Кыргызпатенттин жетекчиси Ажибай Калмаматов бүтүрүүчүлөргө кайрылып, курстун бардык угуучуларын окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктады жана бардык бүтүрүүчүлөргө жемиштүү иштөөнү, кызмат ишмердүүлүктөрүндө мыкты натыйжаларды, ИМ жөнүндө алган билимдерин мындан ары ийгиликтүү пайдаланарын каалады. “Интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердүүлүк бир орунда турбайт, ал дайыма өнүгүп турат жана убакыттын өтүшү менен алдыңкы катарга чыга келет. Биздин ар бирибиз, биринчи кезекте, укук коргоо органдарынын кызматкерлери интеллектуалдык менчикти коргоонун маанилүү экендигин түшүнүүбүз керек”, – деп белгиледи ИМ боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси.

Курстун аягында Кыргызпатенттин директорунун орун басары Айнура Орозбаева жыйынтыктоочу зачетту тапшыруучу угуучуларга курсту ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат тапшырды жана алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Бул курстун актуалдуулугу жөнүндө айтып келип, ал “интеллект ар бир кишинин, элдин, мамлекеттин кыймылдаткычы болуп саналат” – деп белгиледи. Жетекчинин орун басары адистер бул семинардан алган билимдерин күндөлүк иштеринде натыйжалуу колдоно тургандыгына дагы ишенерин билдирди.