Ушул жылдын 27-ноябрынан 8-декабрына чейин Тель Авивде (Израил) “Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн интеллектуалдык менчик укуктары өткөөл экономикалык өнүгүүнүн таянычы катары” деген темада окутуучу семинар болду. Тренинг Интеллектуалдык менчик кызматынын бүткүл дүйнөлүк уюму, Израилдин Тышкы иштер министрлигинин эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (МАШАВ) Weitz center for development studies (Израиль) тарабынан уюштурулган. Тренингдин ишине министрликтердин, патенттик ведомстволордун, ЖОЖдордун, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар тренинг процессинде Израилдин экономикасынын өнүгүү эволюциясы, өнүгүүнүн негизги оңтойлуу шарттары, инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн абалы, инновациялык ишмердүүлүктүн системасы менен таанышты. Ошондой эле старттан финишке чейинки жаңы иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу менен түздөн-түз алектенген бизнес инкубаторлоруна (Мисгавдык индустриялык парк, Назарет шаарындагы “Жаңы муундун технологиясы” Технологиялык инкубатору) көчмө бетачарлар уюштурулду.
Израилде университеттик жол инновациялык ишмердүүлүктүн жана технологиялык трансфер системасынын элементтеринин бири болуп саналат, тренингдин алкагында Тель Авив университетине караштуу «RAMOT» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, анда катышуучулар компаниянын ишмердүүлүктөрү жана портфолио жайылтылган коммерцияланган иштеп чыгуулар менен таанышышты.
Тренингдин программасында дагы агротехнологиялык объектилерге баруу, ал мекемелердин ишмердүүлүктөрүнүн негизги түрлөрү жана иштөө принциптери менен таанышуу караштырылган («BioBee», Кибутсы деп аталган советтик колхоздордун, коммуналардын окшоштуктарын көрсөтүүчү мекеме, «Ramat Hanegev» колдонмо айыл чарбалык изилдөө борбору).
Тренинг (Workshop) процессинде катышуучулар өлкө тарабынан көрсөтүлүүчү инновациялык ишмердүүлүктүн абалы, ошондой эле Израил тараптан алынган көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды эске алуу менен кадамдардын кийинки жолдору жөнүндө маалыматтар менен алмашкан бир катар практикалык сабактарды дагы караштырган.
Мындай тренинг биринчи жолу уюштурулду жана уюштуруучулар Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн бул курстарды үзгүлтүксүз негизде өткөрүп туруу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана өлкөлөрдүн аймактарында көчмө консультацияларды берүү боюнча каалоолорун билдиришти.
