• Кыргызча
  • Русский
“Долбоорду башкаруу” боюнча тренинг аяктады
Жарыяланган күнү : 
15/12/2011

Кыргызпатент тарабынан уюштурулган “Долбоорду башкаруу” тренингинен Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын адистери кызматкерлерди, менеджментти натыйжалуу башкаруунун жана командада иштөөнүн жаңы идеяларын, билимдерин жана методикаларын алышты. 2011-жылдын 14-декабрында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында ведомствонун кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн корпоративдик тренинг аяктады.

Тренингде теориялык материалдар гана эмес, катышуучулардын долбоорду башкаруунун жаңы куралына ээ болуусуна мүмкүндүк түзгөн кызыктыруучу практикалык көнүгүүлөр дагы колдонулду. Окутуу курсунан өткөн Кыргызпатенттин бардык адистери дайыма окуп туруунун жана заманбап башкаруу ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгына, мекемени ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн Натыйжалуу башкаруу – бул өзгөрүп туруучу чөйрөдө өнүгүүнүн жаңы жолдорун таба билүү экендигине ынанышты.

Тренингдин катышуучулары окутуунун жыйынтыктарына ыраазы болушту, анда бардыгына жаңыча кароого, ошондой эле долбоорлорду жазуудагы жана башкаруудагы кыйынчылыктардын ар түрдүү баскычтарында мол тажрыйбасы бар “Тренинг жана Консалтинг борборунун” тренерлеринин баалуу практикалык сунуштарын алууга мүмкүндүк түзүлдү. Окуунун аягында консультанттар “долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда жана башкарууда лидер болуу зарыл, лидер болсо – командада натыйжалуу иштей алган адам” экендигин белгилешти.
Үч күндүк тренингдин жыйынтыгын чыгаруу менен Кыргызпатенттин директорунун орун басары Айнура Орозбаева, алган көнүгүүлөр жана билимдер Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу процессинде иш жүзүндө колдонуларына үмүттөнөрүн билдирди жана аткарган иштери үчүн консультанттарга ыраазычылык билдирди.

Тренингдин аягында катышуучулар белгиленген үлгүдөгү тиешелүү сертификаттарды алышты.