2011-жылдын 12-декабрында Кыргызпатентте 2012–2016-жж. Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында ведомствонун адистери үчүн ИМ боюнча ведомство тарабынан уюштурулган долбоорду башкаруу боюнча тренинг башталды. Документ Кыргызпатент тарабынан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен жаңы реалийлердин жана дүйнөлүк тенденциялардын негизинде эл аралык коомчулуктун алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жана ИМдин улуттук системасын жакшыртуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана интеллектуалдык ишмердүүлүктөрдүн башка натыйжаларын алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө арналган.
Тренингдин биринчи күнү ар бир катышуучу өзүн тааныштырып, окуунун бул курсун аяктагандан кийин, ал кандай билим алууну күтүп жаткандыгы жана алардын ар биринин алдында жумуш боюнча кандай кыйынчылыктар тургандыгы жөнүндө айтып берди. Күтүүлөр ар түрдүү: долбоор жазуудагы теориялык көндүмдөрдү алууда, долбоорду ишке ашыруунун практикалык мисалдарында, пикирлешүүдө, таанышууда, бирок эң негизгиси – өзүңдүн ишмердүүлүгүңдү кантип пайдалуу кылууда жана командада кантип натыйжалуу иштөөдө болду. Татаалдыкка байланыштуу болсо, кыйынчылыктардын баарын жеңип чыгууга боло тургандыгына бардык угуучулар ынанышты.
Окуунун жүрүшүндө кесипкөй тренерлер интерактивдүү режимде долбоор түшүнүгү жөнүндө, долбоорду ишке ашырууга мамилелер, долбоордун элементтери, долбоордун мазмуну, тобокелдиктери, мөөнөттөрү, наркы жана сапатын башкаруу, ошондой эле адам ресурстарын башкаруу жөнүндө айтып беришет. Мындан сырткары, ведомствонун кызматкерлери долбоордун фандрайзинги, коммуникативдик башкаруу жана PDCA практикасы жөнүндө үйрөнүшөт. Муну менен катар тренерлер долбоорду башкаруу үчүн МТ-каражаттарына кыскача обзор беришет.
Тренинг үч күнгө созулуп, аягында катышуучулар белгиленген үлгүдө тиешелүү сертификаттарды алышат.
Эске салабыз, ИМди жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы КРнын Өкмөтү тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында бекитилген. Кыргыз Республикасынын тиешелүү токтому экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүдө интеллектуалдык менчикти жана инновацияны натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктөрдүн системасын өнүктүрүү максатында чыгарылган.



