• Кыргызча
  • Русский
Телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
Жарыяланган күнү : 
08/12/2011

Урматтуу телерадио кызматкерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз!

Азыркы коом турмушу көп жагынан силердин кесипкөйлүгүңөргө жараша болот жана дайыма массалык маалымат каражаттарынын ролу маанилүү бойдон кала берет. Ишке жана өлкөдө болуп жаткан процесстерге силердин сабаттуу, түшүнүү менен жасаган мамиледен улам коомчулук өз убагында бардык керектүү маалыматтар менен камсыз болуп келет.

Кыргызпатент ММК кызматкерлерине туура жана объективдүү маалыматтары, ошондой эле ведомствонун ишмердүүлүктөрүнө байланышкан окуяларды толук жана ачык чагылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Сиздерге чын жүрөктөн берилген көрүүчүлөрдү жана угуучуларды, ишенимдүү өнөктөштөрдү, курч, кызыктуу репортаждарды каалайбыз!

Маалымат
Бул кесиптик майрам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-декабрындагы №566 Токтому менен белгиленген.

Кыргыз ССРинин Аткаруу комитетинин 1931-жылдын 1-декабрындагы Токтому менен республиканын Байланыш башкармалыгынын алдында Республикалык Радиоуктуруу комитети түзүлгөн, 1932-жылдын майында, ал Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетине карамагына өткөрүп берилген.

Комитет радиоуктурууну республиканын бардык аймагында уюштурган жана координациялаган, берүүлөрдүн идеялык-саясий деңгээлин, көркөм жана техникалык сапатын контролдогон, материалдык-техникалык базаларды өнүктүрүүнү, радиотүйүндөрүн бөлүштүрүүнү жана кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган.

Радиоберүүлөрдүн негизги мазмуну болуп өткөн окуялар жөнүндө күндөлүк маалыматтарды, өнөр-жай, айыл-чарба өндүрүштөрүн чагылдырууну, социалисттик мелдештин жеңүүчүлөрү жана эмгектин ударниктери жөнүндө аңгемелерди камтыган. Радионун ишине белгилүү артисттер, музыканттар, акындар, жомокчулар жана таланттуу элдик чыгармачылыктын өкүлдөрү тартылган.

Берүүлөр кыргыз, орус жана дунган тилдеринде жүргүзүлгөн. Алардын суткалык көлөмү 9 сааттан ашыкты түзүп, мында 5 сааттан ашыгы республикалык берүүлөргө, 4 саатка жакыны – Москвадан берилген Бүткүл союздук радио үчүн бөлүнгөн.

1958-жылы декабрда бийиктиги 194 метр, кабыл алуу-өткөрүп берүү антенналары бекитилген секиси бар Бишкек телестудиясы пайдаланууга берилген. 1958-жылы 8-декабрда Кыргыз телеберүүсүнөн алгачкы теле программа көрсөтүлгөн.

Республиканын коомдук-саясий жана маданий турмушунда тарыхый окуя пайда болгон – өзүнүн республикалык телекөрсөтүүсү башталган. Алгачкы убактарда телестудия болгону жумасына төрт жолу эфирге чыгарылып, суткалык программалардын узактыгы бир саатты түзгөн, берүүлөр ак-кара түстө көрсөтүлүп, кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.

1979-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн суткалык берүүлөрү Кыргызстандын дээрлик бардык калктуу пункттарында жетиштүү болуп калган. Россия, казак, өзбек телеберүүлөрү кабыл алуу-өткөрүп берүү байланышынын радиолиниялык жана космикалык линияларынын ар түрдүү курулмаларынын жардамы менен жүзөгө ашырылган.