• Кыргызча
  • Русский
ИМБДУнун Аймактык семинарынын катышуучулары интеллектуалдык менчиктин жана атаандаштыктын өз ара аракеттеринин маселелерин талкуулашты
Жарыяланган күнү : 
29/11/2011

2011-жылдын 29-ноябрында № 1 Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Интеллектуалдык менчик кызматынын бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосунда уюштурулган Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин аяктады.

Семинарга Борбордук Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа өкөлөрүнөн ИМ жаатындагы эл аралык эксперттер, соттор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана ишкерлер катышты.

Семинардын экинчи күнү иш-чаранын катышуучулары ИМ жана атаандаштыктын өз ара аракеттеринин дүйнөлүк практикаларын, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдөгү атаандаштык жөнүндө мыйзамдын укуктук колдонулушун талкуулоону улантышты.

ИМ менен атаандаштыктын өз ара аракеттеринин маселелерин кароо менен бирге, семинардын катышуучулары Түркиянын антимонополдук жөнгө салуу боюнча ведомствосунун төрагасынын орун басары Мутафа Атешанын жана антимонополдук жөнгө салуу боюнча ведомствонун улук эксперти Салим Айдемирдин, Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо боюнча агенттигинин укуктук маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Мархабат Кужекенованын жана Казакстан Республикасынын ИМ укуктары боюнча комитетинин каттоо жана контролдоо кызматынын башчысы Мейрхан Жалдыбаеванын, Украинанын антимонополдук комитетинин ак ниет эмес атаандаштыкты иликтөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Оксана Манконун, Грузиянын Интеллектуалдык менчик улуттук борборунун (Сакпатенти) төрагасы Ираклий Гваладзенин жана Молдованын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы директору Лилия Болокандын баяндамаларын угушту.

Андан кийин семинардын катышуучулары “тегерек үстөл” форматында ИМ системасынын келечектеги маселелерин талкуулашты. Мында ак ниет эмес атаандаштык менен күрөшүүдө сот жана укук коргоо органдарынын ролуна негизги көңүл бурулду.

Семинардын жыйынтыгын чыгаруу менен Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов семинардын иши мазмундуу жана жемиштүү болгондугун, катышуучулар улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде ИМ менен атаандаштык саясатынын өз ара аракеттерин өнүктүрүүгө тиешелүү негизги маселелер боюнча тажрыйбаларын бөлүшүп, пикир алмашышканын белгиледи. Ал семинардын жүрүшүндөгү пикирлер, сунуштар жана каалоолор бул иш-чаранын катышуучуларынын кесипкөйлүк ишмердүүлүктөрүнө таасир этерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде катышуучулар аймактык семинарды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти жана аны уюштуруунун жана алар ээ болгон билимдердин деңгээлин жогору баалашты.