• Кыргызча
  • Русский
Бишкекте Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин баштады
Жарыяланган күнү : 
28/11/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 28-ноябрында №1 Мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен уюштурулган Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин баштады. Семинарга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, интеллектуалдык менчик жаатындагы таанымал эл аралык эксперттер, соттор, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, ишкерлер жана башкалар катышууда.

Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов семинардын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө “ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо маселелери кылымдан артык тарыхка ээ. Ак ниет эмес атаандаштыкка бөгөт коюу Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын алкагында өнөр жай менчигин коргоо объектилеринин курамдык бөлүгү катары таанылган. Ошентип, ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо 1900-жылы бир топ толуктоолор кабыл алынган, кайра кароо боюнча Брюсселдеги дипломатиялык конференцияда каралып чыккандыгын” белгиледи. Ал бул семинардын максаттары жана милдеттери жөнүндө кыскача айтып келип, бул иш-чаранын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи жана бардыгын ачык талкууга чакырды. Ведомствонун башчысы семинарды уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн ИМБДУга ыраазычылык билдирди жана семинардын катышуучуларынын үзүрлүү иштөөсүн каалады.

Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Акылбеков, КР Өкмөтүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сектор башчысы Улан Ахматов жана ИМБДУнун Европадагы жана Азиядагы айрым өлкөлөр үчүн Башкармалыгынын программалык кызматкери Сауле Тлевлесова сөз сүйлөштү. ИМБДУнун өкүлү эл аралык контекстте интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө Кыргызстандын көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгиледи жана ошого байланыштуу Кыргызстанда ушундай семинарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгү үчүн өкмөткө жана патенттик ведомствого ыраазычылык билдирди.

ИМБДУнун интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча бөлүмүнүн консультанты Джованни Наполитано ИМБДУнун ИМ жана атаандаш саясат боюнча долбоорун катышуучуларга тартуулады, бетачардын соңунан көп сандаган, анын ичинде Италиядагы ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо практикасы жөнүндө суроолор берилди.

Кыргыз Республикасындагы ИМ жана атаандаштыктын өз ара аракеттенүү практикалары жөнүндө Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов айтып берди. Ошону менен катар өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө, ал, эгемендик алган мезгилден бери ак ниет эмес атаандаштыктан коргоонун натыйжалуу укуктук системасын түзүүгө багытталган бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынгандыгын белгиледи. Ажибай Калмаматов “ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди ж.б. интеллектуалдык менчик объектилерин сактоону толуктайт. Бул кайсы-бир коргоо документтери менен корголбогон ноу-хауну кошуп коммерциялык сырларды коргоо үчүн өзгөчө маанилүү” экендигин баса көрсөттү. Ал 2012–2016-жылдарда Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды, анын ичинде, ак ниет эмес атаандаштыктан коргоонун натыйжалуу системасын түзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарына, өлкөнүн экономикалык туруктуу өнүгүүсү үчүн интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктүн натыйжалуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берерине үмүттөнөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Бабырбек Жеенбеков семинардын катышуучуларына ак ниет эмес атаандаштыктын конкреттүү учурларындагы мекеменин тажрыйбалары жөнүндө айтып берди жана ак ниет эмес атаандаштык менен күрөшүү боюнча мыйзамдык ченемдерге кеңири токтолду.

Венгриянын атаандаштык саясаты боюнча мекемесинин өкүлү Питер Ланчиди, Россия Федерациясынын ак ниет эмес атаандаштык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Евгений Гриднев, ИМ, патенттер жана товардык белгилер боюнча Федералдык кызматтын Укук башкармалыгынын (Роспатент) директору Олег Добрынин жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштык боюнча Польша ведомствосунун өкүлү Соня Жозвяк ИМ жаатындагы юристтер жана адистер менен өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүштү.

Эртең, 29-ноябрда семинар өзүнүн ишин улантат.