2011-жылдын 3-4-ноябрында “Достук” мейманканасында Борбордук Азияда Технологиялык ишкердикти өнүктүрүү программасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы биргелешип уюштурган “Технологиялык ишкердик боюнча үйрөтүүчү семинар” болуп өттү.
Семинардын ачылышында Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов, CRDF Global программасынын менеджери Евгений Красовский жана CRDF өкүлдүгүнүн Алматадагы директору Канат Шакенов чыгып сүйлөшүп, семинардын максаттары, милдеттери жөнүндө айтышты жана семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.
Семинарга ишкерлер, ойлоп табуучулар, юристтер жана АКШдан келген лекторлор: Нью-Йорк Мамлекеттик университетинин изилдөө фондунун Технологияларды трансферлөө боюнча вице-президенти доктор Гювен Ялчинташ, “Көз карандысыз дирекция” ЖЧКсынын өкүлү Елена Аверьянова, Кливленд Мамлекеттик Университетинин Экономикалык өнүктүрүү борборунун директорунун ассистенти доктор Ирина Линдел катышты. Лекторлор семинардын катышуучуларына “Бизнес-планды даярдоо”, “Базарга кантип чыгуу керек?”, “Инвестор катары Ойлоо жана Сүйлөө”, “Натыйжалуу команданы түзүү”, “Технологияларды коммерциализациялоонун жолдору жана стратегиялары” деген актуалдуу темаларда баяндамаларды жасашты. Баяндамалар бетачарлар менен коштолуп, интерактивдүү ыкмаларда өткөрүлдү жана семинардын процессине аудиториянын толук тартылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кыргызпатенттин атынан ИМ укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова чыгып сүйлөп, Кыргызстанда ИМди коргоонун практикалык маселелери жөнүндө маалымат берди. Анын баяндамасынан чет элдик коноктор интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында Кыргызпатенттин олуттуу мамилесинен кабардар болушту.
Иш-чаранын аягында Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов эки күндүк семинардын натыйжалуу иши үчүн чет өлкөдөн келген баяндамачылардын бардыгына ыраазычылык билдирип, катышуучуларга сертификат тапшырды. Ал эми семинардын катышуучулары өз кезегинде бул иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешип, ушундай демилгени колго алгандыгы үчүн Кыргызпатентке ыраазычылык билдиришти.




