• Кыргызча
  • Русский
Улуттук семинар: “Интеллектуалдык менчик, салттуу билимдерди документтештирүү жана каттоого алуу”
Жарыяланган күнү : 
14/11/2011

2011-жылдын 9-ноябрынан 11-ноябрына чейин Бишкек шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун миссиясына кирген Кыргызстанда салттуу билимдерди документтештирүү жана каттоого алуу боюнча иш-чара болуп өттү. Программа боюнча 10-ноябрда “Интеллектуалдык менчик, салттуу билимдерди документтештирүү жана каттоого алуу” деген темада улуттук семинар уюштурулду.

Миссиянын алкагында ИМБДУдан келген коноктор: Сергей Зотин мырза жана Венера Бегона айым Кыргызпатенттин адистери менен бирге эки күн бою (тогузунчу жана он биринчи ноябрь күндөрү) Кыргыз Улуттук агрардык университетине, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, Мамлекеттик тарых музейине, С. Чокморов атындагы № 92 кесиптик-техникалык окуу жайына, Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейине, “Бейиш” элдик медициналык илимий өндүрүштүк борборуна, Кол өнөрчүлүктү колдоонун борбордук-азия Ассоциациясынын Ресурстук борборуна барып, Кыргызстандагы салттуу билимдер жана аларды жыйноо, калыбына келтирүү, коргоо, санариптештирүү маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

10-ноябрь күнү семинар “Достук” мейманканасынын жыйындар залында улантылып, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай Калмаматов жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун айрым Европа жана Азия өлкөлөр башкармалыгынын улук юридикалык кеңешчиси Сергей Зотин чыгып сүйлөштү жана семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.

Семинарга салттуу билимдерди сактоо, коргоо, өнүктүрүү боюнча коомдук уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, салттуу билимдин ээлери, фольклорчулар, манасчылар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, профессорлор, Кыргызпатенттин адистери катышты.

Семинарда ИМБДУнун кээ бир Европа жана Азия өлкөлөрү башкармалыгынын улук юридикалык кеңешчиси Сергей Зотин “ИМБДУнун ишмердүүлүктөрү: алдыдагы көйгөйлөр жана келечектеги иштер”, “ИМБДУнун окуу программалары”, ал эми ИМБДУнун салттуу билимдер бөлүмүнүн генетикалык ресурстар жана салттуу билимдер секциясынын башчысы Венеро Бегона “ИМБДУнун салттуу билимдер жаатындагы күн тартиби”, “Салттуу билимдерди документтештирүү жана каттоого алуу: жалпы маселелер” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Кыргызстан тараптан Кыргызпатенттин Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун башчысы Токтогул Азыков “Интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди укуктук коргоонун улуттук системасы”, Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясынын профессору Алтынай Карасаева “Алай районунда медицина жаатында салттуу билимдерди жыйноонун тажрыйбалары”, Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү колдоонун борбордук-азия Ассоциациясынын Ресурстук борборунун директору Динара Чочунбаева “Кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө салттуу билимдерди коргоо жана өткөрүп берүү маселелери”, Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин профессору, “Биокультуралык ар түрдүүлүк борбору” долбоорунун координатору Мурат Айтматов “Салттуу билимдерди калыбына келтирүү жана жайылтуу” деген темаларда кызыктуу баяндамаларды жасап, салттуу билимдерди чогултуу боюнча өз тажрыйбаларын айтып беришти.

Семинардын алкагында Кыргызстанда салттуу билимдерди сактоо, документтештирүү, каттоого алуу жана укуктук жактан коргоо маселелери боюнча тегерек үстөл уюштурулду.

Анда Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Дамира Алышпаева кыргыз элинин эпикалык мурастарынын антологиясы жөнүндө, Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) долбоорлорду түзүү боюнча кеңешчиси Харагучи Акихиса “Шакар” самынын даярдоонун салттуу ыкмасы жана башка салттуу билимдерди коргоо боюнча келечектеги долбоорлор тууралуу, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын катчылыгынын маданият программалары боюнча эксперти Сабира Солтонгелдиева ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенциясы жөнүндө, “Айгине” Маданий-изилдөө борборунун изилдөөчүсү Чолпонай Усубалиева-Грищук эпикалык мурастарды жана салттуу музыканы сактоого борбордун кошуп жаткан салымдары тууралуу, жеке ишкер Раимбек Жусупбеков “таш кордо” улуттук тамагынын жасалышы жөнүндө сөз кылышты.

“Саамал” фольклордук ансамблинин артисти Нурбек Серкебаев кыл кыякта “Эки ногой” деген күү аткарып берди.

Семинардын аягында Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Кыргызстанда салттуу билимдерди коргоо боюнча ИМБДУнун миссиясынын аягында Сергей Зотин мырза жана Венера Бегона айым меймандостугу жана жылуу мамилелери үчүн Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматовго жана директордун орун басары Айнура Орозбаевага ыраазычылык билдиришти. Алар кыргыз маданиятынын бай мурастары менен таанышуудан зор канагат алгандыктарын айтышты жана Кыргызпатенттин ынтымактуу жамаатына салттуу билимдерди коргоо ишинде ийгиликтерди каалады.