• Кыргызча
  • Русский
Алкыш барагы
Жарыяланган күнү : 
09/11/2011

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай Айтиевич Калмаматовго жана Кыргызпатенттин эмгек жамаатына багышталган алкыш барагын 89 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу майыбы, акын жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Ак жол” коомдук фондунун президенти Асек Урманбетов жөнөткөн.

Анда ал жашынын улуулугун урматтап, жасаган жана жасап жаткан иштерин баалап, согуштун жана тылдын ардагерлерине, жетим-жесирлерге жардам көрсөтүүчү “Ак жол” коомдук фондуна Кыргызпатент тарабынан көрсөтүлгөн жардамга зор ыраазычылык билдирет.

Алкыш барагынын акырында карыя жазуучу Кыргызпатенттин директору А. Калмаматовго чың ден соолук, иштеринде ийгиликтердин жаралышын каалап, ал эми жамаат арасында биримдик, ынтымак, жакшылыктар болушун тилеген.