• Кыргызча
  • Русский
РАЛЬФ ХАЙНРИХТЕН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ
Жарыяланган күнү : 
02/11/2011

Урматтуу Калмаматов мырза,
БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) атынан 2011-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте болуп өткөн «Интеллектуалдык менчик укуктарын баалоо жана ишке ашыруу» аттуу Субрегиондук конференцияны уюштурууда КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын кошкон көрүнүктүү салымы үчүн чын ыкластан ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз.

Биз конференцияны өткөрүүдөгү Сиздин жетекчилигиңизди жана анын бир бөлүгүндөгү Сиздин төрагалыгыңызды жогору баалайбыз.

Мыкты программаны иштеп чыгуудагы, компетенттүү баяндамачыларды аныктоодогу, угуучулардын чоң тобун тартуудагы жана эң сонун конференц-кызматтарды камсыз кылуудагы Сиздердин ведомствонун иштерин жогору баалагандыгыбызды патенттер жана товардык белгилер боюнча АКШнын Ведомствосунан (USPTO) келген биздин өнөктөштөрүбүздүн атынан дагы айтсам болот деп ойлойм. Мен Сиздин жана Орозбаева айымды, Ибрагимов мырзыны жана Термечиков мырзаны кошуу менен Сиздердин кызматкерлердин эң сонун ийгиликтери менен куттуктагым келди.

Биздин Бишкекте болушубузду жылуу маанайга бөлөгөн Сиздердин меймандостугуңарга болгон ыраазычылыгыбыз акыркы кезекте эмес экендигин билдирмекчимин.

Биздин конференция интеллектуалдык менчик укуктарын баалоонун жана ишке ашыруунун маанилүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу жаатында өз максаттарына жетти деп эсептейм. Бул Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик укуктарын баалоону жана ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча долбоорлор түптөлө турган мыкты базаны камсыз кылаарына ишенем.

БУУ ЕЭК бул багытта Сиздердин ведомство жана Кыргыз Республикасындагы бардык башка кызыкдар болгон жактар менен иштешүүсүн уланткандыгына кубанычта болот. Биз мүмкүн болуучу кандайдыр-бир өтүнүчтөрдө толугу менен сиздердин кызматыңардабыз жана БУУ ЕЭКтин интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобу тарабынан уюштурулган иш-чараларына катышууга сиздердин ведомствонун өкүлдөрүн курсант болуу менен чакырабыз.

Эң жакшы каалоо-тилектерим менен,
Ральф Хайнрих
БУУ ЕЭКтин интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун катчысы

Кошумча матариалдарӨлчөмү
reply_thank_you_kypo.pdf45.37 KB