2011-жылдын 22-23-сентябрында Женева ш. (Швейцария) ИМБДУнун интеллектуалдык менчик боюнча «Инновацияга жана чыгармачылыкка өбөлгө берүүчү билимдерге ээ болууга кызмат көрсөтүүлөр» аттуу симпозиуму болуп өтүп, ага Кыргызстандын атынан КРнын ИММКнын директору А.А. Калмаматов катышты.
Талкууга аймактык жана эл аралык иш-тажрыйба алмашуу үчүн жалпы аянтты архитектуралык долбоорлоо, автордук укук инфраструктуралары жөнүндөгү ж.б. маселелер коюлду.
Кыргызпатенттин директору тарабынан ИМБДУнун жигердүү колдоосу астында 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору иштелип чыккандыгы шардана болду.
Ал ошондой эле Кыргызстанда ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө түздөн-түз өбөлгө түзүүчү «Патенттик алымдар жөнүндө», «КРнын мыкты ойлоп табууларын тандап алуу тууралуу» Жоболор ж.б. ушул сыяктуу ченемдик укуктук актылар жана иш-чаралар жөнүндө айтып, ИМ объектилерин ишканалардын жана уюмдардын материалдык эмес активдери катарында экономикалык жүгүртүүгө киргизүү үчүн «Материалдык эмес активдерди жана ИМдин объектилерин баалоо» стандартынын долбоору иштелип чыккандыгын белгиледи.
Аймактык жана эл аралык иш-тажрыйба алмашуу боюнча ИМБДУ менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча 2012-2013-жылдары Кыргызстанда (Ысык-Көлдө) ИМБДУнун жайкы мектептерин уюштуруу жана Кыргызстанда ИМБДУнун ИМ улуттук академиясынын эксперименталдык филиалын түзүүгө жардам берүү боюнча демилгелер сунушталды.
