• Кыргызча
  • Русский
ИМБДУГА МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН ЖЫЙЫНДАРЫНЫН 49-СЕРИЯСЫ
Жарыяланган күнү : 
05/10/2011

2011-жылдын 26-сентябрынан 5-октябрына чейин Женева шаарында (Швейцария) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун штаб-квартирасында ИМБДУга мүчө-мамлекеттердин ассамблеяларынын жыйындарынын 49-сериясы болуп өттү. ИМБДУга мүчө-мамлекеттердин Башкы ассамблеясынын жыйындарынын жыл сайын өтүүчү сериясы ИМБДУ тарабынан өткөрүлүүчү маанилүү иш-чара болуп эсептелет жана анын жетектөөчү органдарынын, тактап айтканда Башкы ассамблеянын, Координациялык комитеттин жана алардын административдик милдеттерин ИМБДУ аткарган Союздардын катышуучу-мамлекеттеринин ассамблеяларынын жыйындары болуп саналат.

Быйыл Башкы Ассамблеяга ИМБДУнун 184 мүчө-мамлекеттери катышты. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга КР МИМКнын директору А. А Калмаматов жана статс-катчы Б. Т. Кененбаев катышышты. Ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга активдүү катышкандыгы жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен, 2011-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Бишкек шаарында өткөн аймактык семинардагы ИМБДУ менен Кыргызпатенттин биргелешкен үзүрлүү иши жөнүндө отчет берди.

Кыргызстандын патенттик ведомствосу аймакта биринчилерден болуп Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыккандыгы өзгөчө белгиленди. Отчетто ИМБДУнун колдоосу астында өткөрүлгөн иш-чаралар жогорку кесипкөйлүк деңгээли менен мүнөздөлөөрү, актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого жардам берээри жана ИМди өнүктүрүү боюнча комитеттин алкагында аларды иштеп чыгууга көмөк көрсөтөөрү белгиленди.

Директор Кыргызпатенттин атынан өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун Күн тартиби боюнча Комитетинин алкагындагы ишмердүүлүгү үчүн ИМБДУнун жетекчилигине жана кызматкерлерине чын ыкластан ыраазычылык билдирди.