2011-жылдын 12-сентябрынан 23-сентябрына чейин Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «Салттуу билимдер коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн» аттуу долбооруна ылайык, салттуу билимдерди жыйноо, каттоо жана санариптештирүү аркылуу аларды Кыргызпатенттин маалымат базасына киргизүү максатында, Алай районунда экспедиция жүргүзүлдү.
Экспедиция убагында Кыргызпатенттин Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун башчысы-эксперт Токтогул Азыков, КММАнын кафедрасынын профессору Алтынай Карасаева жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун бөлүм башчысы Кандөлөт Сарбанова менен кызматташуунун натыйжасында 9 айыл өкмөттөрүнүн сегизине барышты. 80ден ашуун адамдарга сурамжылоо жүргүзүлдү. Алардын ичинен 51 сурамжыланган салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн жооптору диктофонго жана жөнөкөй жазуу түрүндө жазылып алынды.
Маалыматтарды чогултуу негизинен медицина темасы (салттуу медицина, физиология), ошондой эле улуттук оюндар жана кыргыздардын социалдык институту, анын ичинде Жети ата институту боюнча болду.
Кыргыздын салттуу билимдери – турмуш-тиричилик маселелерин чечүүнүн жол-жоболору жана ыкмалары катары кылымдар бою өсүп-өркүндөтүлүп, оңдоп-түзөтүлүп келген. Ал мына бу курчап турган аалам, тиричилик жөнүндө элдин акыл казынасы, дүйнө таанымы катары муундан-муунга оозеки өтүп келе жатат.
Убак сааты жетип, укумдан-тукумга өтүп келе жаткан көптөгөн билимдер, өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарынын жергиликтүү калкынын билимдери көөнөрүп, сөнүп унутулуп кетти, мунун өзү жакынкы эле мезгилде салттуу билимдерди, салттуу маданиятты тактап, тариздеп алууда өз таасирин тийгизбей койбойт.
Учурда материалдарды иретке келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Кыргызпатент салттуу билимдерди тастыктап, тариздөө боюнча өлкөбүздүн калкы менен кызматташууну улантып келе жатат.


