2011-жылдын 30-сентябрында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Жаңыл Бердикулованын «Балдарымдай сүйөм ырларды» аттуу китебинин бет ачары болду.
Ж.Бердикулова көп жылдардан бери МПТКнын кызматкери болуп эсептелет. Бул анын биринчи китеби, анда автор өзүнүн ички ой-толгоолорун жана ажайып сезимдерин ырга салган.
Автордук кечеге коомдук ишмерлер, МПТКнын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун өкүлдөрү: «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери» М.Ааматов жана К.Сыдыкова, Баяс Турал, Б.Чотурова, Г.Шакирова, Ж.Исабаева ж.б. катышышты.
Иш-чара жылуу маанайда өттү: кеченин катышуучулары көркөм өнөрдүн бардык кадыр-барктуу адамдары үчүн өзүнүн чыгармаларынан окуп берген авторго чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен куттуктоо сөздөрүн айтып чыгышты.


