• Кыргызча
  • Русский
Улгайган адамдар күнүнө карата
Жарыяланган күнү : 
30/09/2011

Урматтуу интеллектуалдык эмгектин ардагерлери, биздин меймандар!

Сиздерди Улгайган адамдар күнү – акылмандуулуктун жана жакшылыктын майрамы менен куттуктайбыз!

Бүгүн биз биздин устаттарыбызга – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын пайдубалын куруунун башында турган жана азыр дагы биздин мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан мекендештерибизге урмат-сый көрсөтүп отурабыз. Улуу муундардын өкүлдөрү болуп эсептелген, салттарды жана баалуулуктарды алып жүрүүчүлөрдү таануу жана барктай билүү менен гана биздин коомдун өнүгүүсүн камсыз кылууга болот.

Сиздердин көпчүлүгүңүздөр активдүү жашоо жагдайын сактап келүүдөсүңөр жана мурдагыдай эле жан дүйнөңөр жаш бойдон. Сиздер ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы – өндүрүштө жана коомдук уюмдарда иштөөнү улантып, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого активдүү катышып жатасыңар.

Бүгүнкү биздин максат – көп жылдар бою эмгектенген жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон биздин эмгек ардагерлерибизге өзгөчө көңүл буруу.

Биздин ардагерлерди жыл сайын куттуктоо келечекке жаркын маанай тартуулоонун, кайраттуулукка дем берүүнүн жакшы салты болуп эсептелет. Биз кесиптештерибизди бүгүн гана сыйлабастан, башка дагы маанилүү майрамдарда кесиптеш-ардагерлерибизге зор көңүл буруп турууга тийишпиз.

Сиздерди ушул ажайып майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктоого жана Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, жылуу мээримди жана бакытты, эгемендүү Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы эмгектене беришиңерди каалоого уруксат этиңиздер!

Сиздерди дайыма сүйгөн жана камкордук көргөн адамдар жандап жүрсүн!

Кыргызпатенттин жамааты