2011-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондусу менен биргеликте уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик” аттуу темада аймактык семинарлар болуп өттү. Аларга Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондусунун адистери катышышты.
2011-жылдын 20-сентябрында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында семинарга Баткен облустук мамадминистрациясынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, Баткен Мамлекеттик университетинин, Кызыл-Кыя Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтунун окутуучулары жана студенттери катышышты. Семинарды Баткен облустук мамадминистрациясынын өкүлү, жазуучу Тургунбай Жумабаев, И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтунун директору Өмүрбай Шамшиевдер ачып, семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.
Семинардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин адистери Алмаз Каракожаев, Аскар Нажимудинов, Арстанбек Бердалиев жана Эльза Сагымбаевалар интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин түзүлүшү жана өнүгүүсү, Кыргыз Республикасында автордук укук жана чектеш укуктарды өнүктүрүү, өнөр жай үлгүлөрү, өтүнмө берүүнүн жана патент берүүнүн жол-жоболору жөнүндө, ИМ Мамфондусунун ишмердүүлүгү жана Кыргызстанда технологияларды жана инновацияларды колдоо боюнча борборду түзүү Долбоорун ишке ашыруунун этаптары туурасында айтып беришти.
2011-жылдын 21-сентябрында Ош шаарында
Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондусунун адистери “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик” аттуу темадагы өз иштерин улантышты.
Семинарга Ош Мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү, Ош Мамлекеттик университетинин окутуучулары, аспиранттары жана студенттери катышышты. Семинарды ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору б.и.д., профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна ачты. Ал өзүнүн сөзүндө КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчилигине актуалдуу темада өткөрүлүп жаткан семинар үчүн, ИМ жаатындагы адабияттардын тартууланышы үчүн ыраазычылык билдирди жана ИМ жаатындагы жергиликтүү илимий чөйрөгө колдоо көрсөтүүгө жана маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө арналган TISC филиалынын ачылышына абдан кызыккандыгын билдирди.
2011-жылдын 22-сентябрында семинардын уландысы Жалал-Абад шаарында болду.
Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде болуп өткөн семинарды Жалал-Абад Мамлекеттик университетин илимий иштер жана гендердик саясат боюнча проректору, айыл чарба илимдеринин доктору Аманкулова Талчакан Кайыпжановна ачты. Семинарга ЖАМУнун окутуучу-профессордук курамы катышты. Кыргызпатенттин жана , ИМ Мамфондусунун адистери программа боюнча баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Маселелер негизинен өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө, патенттөө жаатына жана ойлоп табуучулар менен авторлорго МИМФ тарабынан берилген финансылык жардамдарга тиешелүү болду.
Семинардын катышуучулары КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан өткөрүлүүчү ушул сыяктуу иш-чаралардын актуалдуулугуна зор кызыгууларын көрсөтүшкөндүгүн белгилөө керек.



