• Кыргызча
  • Русский
Мамлекеттик тил күнүнө карата
Жарыяланган күнү : 
21/09/2011

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди алдыда келе жаткан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен куттуктаймын!
Биздин мамлекеттик тилибиз адамдар ортосундагы өз-ара байланыштардын тили деңгээлинде Мекенибиздин гүлдөп өнүгүүсү үчүн кызмат кылат деген чоң ишенич бар.

Биздин мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан тилди өнүктүрүү жаатында бир топ жакшы иштер жасалып жаткандыгын бардыгыбыз билебиз. Мисал катары жакында эле өткөрүлгөн курстарды айтсак болот. Ушул сыяктуу иш-аракеттер мындан ары дагы улантыла берет. Башка тилдер менен катар кыргыз тили дагы улам өркүндөп, улам жакшыра бермекчи.
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалаймын жана мындан аркы ишиңиздерде ийгиликтер болушуна тилектеш экенимди билдирем!

Мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча комиссиянын төрайымы,
директордун милдетин аткаруучу Айнура Орозбаева