2011-жылдын 13-сентябрынан 15-сентябрына чейин Украинанын Ялта шаарында “Интеллектуалдык менчиктин актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу XVIII эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ), Европалык патенттик ведомство, Украинанын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы, Крым Автономдуу Республикасынын Министрлер кеңеши тарабынан уюштурулган бул эл аралык илимий-практикалык конференцияга дүйнөнүн 10дон ашуун өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты, ошондой эле Украинанын Билим берүү жана илим, жаштар жана спорт министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Украинанын Антимонополия комитети, Жогорку Соту, Жогорку Чарбалык Соту,Административдик соту, Укуктук илимдер академиясы сыяктуу уюмдары көрсөтүлдү.
Конференциянын алкагында төмөндөгү сыяктуу темалар боюнча жети секция иштеди:“Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо системасын өнүктүрүү: көйгөйлөр жана келечектер”, “Өткөөл экономикадагы өлкөлөр үчүн инновациялык ишмердүүлүк куралы катары интеллектуалдык менчикке карата стратегия иштеп чыгуу”, “Автордук укук жана чектеш укуктарды пайдалануу ыкмалары: өз-ара аракеттенүү же туруштук берүү”, “Сот тартибинде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо”, “Соода маркаларын, географиялык көрсөткүчтөрдү жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо, пайдалануу жана сактоо”, “Ойлоп табууларды эксперттөө: көйгөйлөр жана чечүү жолдору. Эксперттик органдын ишин жакшыртуу”, “Интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга каршы күрөш”.
Бул конференцияга катышуу ИМ жаатындагы актуалдуу маселелерди жана ар кандай жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө аларды чечүүнүн жолдорун карап чыгууга жана КР үчүн, КРда ИМ системасын жакшыртуу үчүн оптималдуу колдонуу максаттарында ИМ боюнча чет өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбаларын курал катары алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Азыркы учурда КРда КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи болуп 2012-2016-жылдарга интеллектуалдык менчикти (ИМ) жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Бул фундаменталдуу программалык документ ИМ системасын анын ар түрдүү аспектилеринде маанилүү оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, атап айтканда контрафактылуулукка каршы күрөшкө, ИМ жаатында укуктук окутуу системасын өркүндөтүүгө, бай маданий жана руханий мурасы бар өлкө катары – КРда салттуу билимдерди өнүктүрүүгө арналган, ушуга байланыштуу Кыргызпатенттин директорунун орун басары А. Орозбаева КРдагы ИМ боюнча практика жана ИМ системасы үчүн маанилүү документтерди иштеп чыгуудагы тажрыйба менен бөлүштү.

