2011-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин Беларусь Республикасынын Минск шаарында Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК) жана Интеллектуалдык менчик жаатында укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун катышуучу-мамлекеттеринин биргелешкен жумушчу комиссиясынын 20-биргелешкен отуруму болду.
Отурумга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын жана Тажикистандын, өкүлдөрү, ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Евразиялык патенттик ведомствонун (ЕПВ) жана Европалык патенттик ведомствонун (ЕПВ) өкүлдөрү катышышты. Байкоочу катарында отурумга Грузиянын өкүлү катышты.
Отурумдун күн тартибинде ондон ашуун маселелер, алардын ичинде төмөндөгүлөр каралды:
o • Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК) ордуна жаңы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттер аралык кеңешти (ИММАК) түзүү;
o • Бул Кеңештин алкагында туруктуу иштөөчү комиссияны түзүү;
o • Кеңештин төрагасын жана теңтөрагаларын шайлоо;
o • Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруунун жүрүшү жөнүндө;
o • Киев шаарындагы “Одесса юридикалык академиясы” Улуттук университетинин Интеллектуалдык менчик институтуна интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө жана башка маселелер.
Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ишмердүүлүгү интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун жана сактоонун механизмдерин түзүү жана өркүндөтүү, илимий-техникалык, соода-экономикалык жана социалдык маданий кызматташууну өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузуулардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу боюнча КМШнын катышуучу-өлкөлөрүнүн биргелешкен ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн негизги мааниге ээ.
Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасынан КР МИМКнын директору А. А. Калмаматов катышты жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө баяндамасы менен сөз сүйлөдү.
Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ИММАК) уюштуруучу отурумунда Кыргызпатенттин директору А. А. Калмаматов ИММАКтын төрагасы болуп шайланды жана Кеңештин биринчи отурумун 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылды.



