• English
  • Кыргызча
  • Русский
Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК) отурумунда КР МИМКнын директору А. А. Калмаматовдун чыгып сүйлөгөн сөзү
Жарыяланган күнү : 
13/09/2011

Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасынын атынан КР МИМКнын директору А. А. Калмаматов катышты.

Ал интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Атап айтканда ал отчеттук мезгил ичинде КР МИМК (Кыргызпатент) тарабынан Кыргызпатенттин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын мамлекеттик кызматынын, ошондой эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда 2010-2011-жылдарга КРда интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жаатында өз-ара аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ведомстволор аралык планы иштелип чыгып, макулдашылды жана бекитилди.

Кыргызпатент тарабынан интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жаатында укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери үчүн “Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо” деген тема боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курстарын өткөрүүгө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы алынды.

Сертификаттарды алган кыска мөөнөттүү курстардын угуучуларынын саны 58 адамды түздү.
Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жаатында Кыргызпатент менен КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын мамлекеттик кызматынын өз-ара аракеттенүү боюнча иш-чараларынын ведомстволор аралык планын ишке ашыруунун алкагында “Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо чөйрөсүндө Кыргызпатенттин укук коргоо, көзөмөлдөөчү жана сот органдары менен өз-ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” Ведомстволор аралык нускамага ылайык, укук коргоо органдарынын сурамы боюнча продукцияларды изилдөө жүргүзүлүүдө.

КРдагы USAID өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу астында Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын профессордук-окутуучу курамынын күчү менен укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери жана Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга бөгөт коюу” деген тема боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Квалификацияны жогорулатуу курстары аяктаган соң 42 угуучу Россия Федерациясынын мамлекеттик үлгүсүндөгү сертификаттардын ээлери болуп калышты.

Ушул учурда Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы менен биргеликте Бишкек шаарында биргелешкен билим берүү мекемесин (РМИМАнын филиалын) уюштуруу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.