• Кыргызча
  • Русский
«ШАКАР» - КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЖЕКЕ МАДАНИЯТЫН ЖАНА КӨПТӨГӨН КЫЛЫМДАРДАН БЕРКИ САЛТТАРЫН КОРГОО МАСЕЛЕСИНДЕ JICA МЕНЕН КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЫЗМАТТАШУУСУНДАГЫ “АЛГАЧКЫ СААМАЛЫК”
Жарыяланган күнү : 
09/09/2011

Белгилүү болгондой ушул жылдын 25-майында кыргыз элинин салттуу билимдерин (СБ) сактоо жана мындан ары жайылтуу, атап айтканда JICAнын волонтеру Номура Мисатонун жардамы астында Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын жамааты менен чыгарылган “Шакар” самынын салттуу даярдоонун рецебин талкуулоо максатында Кыргызпатенттин жетекчилиги Туруктуу өкүл мырза МаруямаХидэаки башында турган JICA делегациясы менен жолугушкан.

Эми ушул “Шакар” самыны Кыргызпатент тарабынан Товардык белгилердин мамлекеттик реестрине катталды, бул ушул айылдын , ошондой эле аймактын экономикалык өнүгүшү үчүн маанилүү, ошондой эле Кыргызпатент менен JICAнын мындай ийгилик менен аяктаган биргелешкен жакшы иштери мындан аркы биздин ортобуздагы өнөктөштүк мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүгө жана өз-ара ишенүүнү күчөтүүгө өбөлгө гана түзө тургандыгын билдирет.