• Кыргызча
  • Русский
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КР ИММК) жетекчилигинин «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун өкүлү А. Радауер мырза жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү менен жолугушуусу болду
Жарыяланган күнү : 
02/08/2011

2011-жылдын 1-августунда Кыргызпатентте Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КР ИММК) жетекчилигинин «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун өкүлү Альфред Радауер мырза жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү А. Давлеталиев менен жолугушуусу болду.

Альфред Радауер мырза «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Өз тарабынан ИММКнын директору Ажибай Калмаматов Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө, жакында парламентте карала турган, ведомство үчүн эң маанилүү документ – ИМди өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору туурасында А.Радауер мырзаны кабардар кылды.

Ошондой эле А.Радауэр Кыргызпатенттин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуп, ведомствонун ишинин спецификасы менен таанышты жана ИМ жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мындан тышкары мейман ведомствого караштуу уюмдарга, атап айтканда Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага (МПТК) барды, анда ага китепкананын фонддору, атап айтканда, патенттик издөө программалары жөнүндө, ИМ тууралуу адабияттар, мезгилдүү басылмалар жана илимий журналдар жөнүндө кеңири маалымат берилди. Кыргызпатентке караштуу Мамфондго барууда Кыргызпатенттин директорунун орун басары Айнура Орозбаева Радауер мырзаны Мамфонддун негизги ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштырды, ошондой эле Мамфонддун бөлүмдөрүнүн кызматкерлери КРда TISC долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун аягында Радауер мырза жылуу кабыл алгандыгы жана ведомствонун эксперттери менен конструктивдүү жолугушууну уюштургандыгы үчүн Кыргызпатенттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Өз тарабынан Кыргызпатенттин директорунун орун басары Айнура Орозбаева Кыргызпатент, КРнын Соода-өнөр жай палатасы үчүн жана «Технополистин” өкүлү үчүн бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана бул келечекте биргелешип үзүрлүү кызматташуунун жолундагы биринчи кадам экендигине ишенгендигин билдирди.