Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык Конвенциянын (UPOV) 3-беренесинин 2 (ii) пунктуна ылайык өсүмдүктөрдүн бардык урууларына жана түрлөрүнө укуктук коргоо UPOV Бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан UPOV Конвенциясына кол коюлган учурдан тартып 10 жыл өткөндөн кеч эмес убакыт ичинде берилет. Кыргыз Республикасы 2000-жылы UPOV Конвенциясынын 1991-жылдагы Актысына кошулду жана Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык Бирликтин толук укуктуу мүчөсү болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 343-токтомунда “Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө” 1998-жылдын 28-августундагы № 572-токтомуна өзгөртүү киргизилип, анда 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык Бирликти Кыргыз Республикасынын аймагындагы өсүмдүктөрдүн бардык урууларына жана түрлөрүнө укуктук коргоо берилгендиги жөнүндө кабардар кылуу иши тапшырылган.
Өкмөттүн ушул токтому менен Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерге байланышкан өзүнүн милдеттенмелерин аткарат жана үрөндөрдүн жана айыл чарба өнүмдөрүнүн базарын, аларды чегаралар аркылуу которуштурууну жана селекциячылардын укуктарын сактоону жөнгө салуу боюнча климатты жакшыртат жана үрөндөр жана өнүмдөр менен мыйзам ченемдүү соода жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт.
Бул документ “Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык Конвенцияга кошулуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы тарабынан демилгеленген.
UPOV Конвенциясынын арналышы коомдун жыргалчылыгына жаңы сортторду чыгаруу максаттарында өсүмдүктөрдүн сортторун коргоонун натыйжалуу системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана шыктандырууда турат. Өсүмдүктөрдүн сортторун коргоо системасы, өсүмдүктөрдүн селекциясы менен иш алып баруучу жеке же юридикалык жактардын өзгөчө укуктарына негизденген өбөлгө түзүү системасы жергиликтүү шарттарда өстүрүлүүчү сорттордун санын көбөйтөт же натыйжалуулугун арттырат деп эсептеген кайсы гана өлкөнүн болбосун кызыкчылыктарына жооп берет. Анын ичинде улуттук фермерлердин үрөндөргө кеңири жана эркин кирүү мүмкүндүгүнө, ал эми селекциячыларга UPOV Конвенциясына ылайык, өзүлөрүнүн изилдөөлөрүндө дүйнөлүк селекциянын натыйжаларын пайдалануу үчүн чет өлкөлүк сортторго кирүү мүмкүндүгүнө, ошондой эле чет өлкөлүк сыяктуу эле ата мекендик селекциячылардын кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул чечими биздин базарга жогорку технологиялык сапаттагы жана ооруларга чыдамдуу жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана бизде салттуу өстүрүлбөгөн же биздин өлкөдөгү жаратылыш-климаттык шарттарга байланыштуу өстүрүлүүгө болбогон өсүмдүктөрдүн товардык өнүмдөрүн тартат.
Мисалы, биздин базарга өлкөбүздө өспөй турган цитрус сымал жана башка өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жана сортторунун чоң саны импорттолот, мүмкүн алардын ичинен айрымдары бул сортторго селекциячынын укуктарын бузуу менен алып келинип жаткандыр. Бардык урууларга жана түрлөргө коргоо берүү менен, селекциячыларда Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик кызматына өтүнмө берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республиканын аймагында мындай сортторго укуктук коргоо алууга жана биздин базарда мыйзам чегинде иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот.
