• Кыргызча
  • Русский
Экономикалык кызматташуу жана алакалашуу боюнча БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Комитетинин Интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун бешинчи сессиясы
Жарыяланган күнү : 
15/07/2011

2011-жылдын 7-июлунан 8-июлуна чейин Женева шаарында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын чакыруусу боюнча Кыргызпатенттин Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов Экономикалык кызматташуу жана алакалашуу боюнча БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Комитетинин интеллектуалдык менчик боюнча Адистер тобунун бешинчи сессиясынын ишине катышты.

Иш-чарага 16 өлкөнүн (Азербайжандын, Беларусиянын, Европа Союзунун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Польшанын, Румыниянын, Россия Федерациясынын, Сербиянын, АКШнын, Украинанын, Өзбекстандын, Франциянын, Чехиянын жана Швейцариянын) өкүлдөрү, ошондой эле 19 эл аралык уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун жүрүшүндө талкууланган эң маанилүү маселелердин бири, инновациялар жана экономикалык өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгү жөнүндө жана мүмкүнчүлүктүү тобокелдиктер жана контрафактылар менен каракчылыктын экономикага келтирген зыяндары туурасында керектөөчүлөрдү, изилдөөчүлөрдү жана ИМ укуктарын (ИМУ) сактоону камсыз кылуу боюнча органдарды кабардар кылууну жогорулатууга арналган саясат болуп калды.

Бул маселени карап чыгуу менен, баяндамачылар коомдо ИМге карата сыйлоо сезимин тарбиялоо боюнча кампаниялар; контрафактылык жана каракчылык товарлар тарабынан түзүлгөн экономикалык чыгымдар жана мүмкүнчүлүктүү тобокелдиктер жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу жаатындагы алдыңкы тажрыйба; кабардар болууну жогорулатуу ишинде мамлекеттик жана кызыкдар болгон жеке жактардын ортосундагы кызматташуу; изилдөө органдарында кабардар болууну жана ИМУну коргоого жана башкарууга өбөлгөлөрдү камсыз кылуу; ИМУну ылайыктуу башкаруу жөнүндө ишкерлер менен чакан жана орто ишканалардын кабардар болуусун жогорулатуу тууралуу маалыматтарды беришти.

Кыргызпатенттин Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ф. Ибрагимов Кыргызстанда кабардар болууну жогорулатуу жана интеллектуалдык менчикти жалпыга түшүндүрүү жаатында ведомство тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат боюнча бет ачарын көрсөттү.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө ал Кыргызпатент экономикалык өнүктүрүүдөгү ИМУнун маанилүү ролун, экономикалык өсүш менен интеллектуалдык менчиктин тыгыз байланышын, Борбордук Азия өлкөлөрүндө билимдерди жогорулатуу зарылдыгын, экономикалык өнүктүрүүдө экономикалык алга жылдыруудагы ИМдин маанилүүлүгүн жана ИМге, авторлорго, өкмөттөргө жана пайдалануучуларга берилүүчү экономикалык пайдаларды эске алуу менен, ИМ укуктары жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу маселелерине зор маани бере тургандыгын белгиледи.

Сессиянын катышуучулары төмөндөгүлөр сыяктуу ИМ маселелери жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу ишинде Кыргызпатент тарабынан пайдаланылуучу куралдар тууралуу маалыматтарды алышты:
- пресс-сессиялар;
- ЖМКда жана мезгилдүү адабияттарда жарыялоолор;
- ЖМКда маалыматтык билдирүүлөр;
- PR-кампаниялары;
- Ведомствонун корпоративдик сайты;
- Twitter.

Сессиянын катышуучулары ар түрдүү кызыкдар болгон тараптарды ИМдин маанилүүлүгү жана ИМге карата сый мамиле жөнүндө кабардар кылуу максаттарында Кыргызпатент тарабынан кабыл алынган ар кандай демилгелерди өзгөчө белгилешти.

Кыргызпатенттин башчысы Ажибай Калмаматовдун атына Интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун катчысы Ральф Хайнрихтен кат келди, анда ал Женевада 7–8-июлда болуп өткөн Интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун БУУ ЕЭКтин сессиясында Фархат Ибрагимовдун мыкты чыгып сүйлөгөн сөзү үчүн БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын атынан ыраазычылык билдирген. Ал “биздин катышуучулар Ибрагимов мырзанын чыгып сүйлөгөн сөзүнөн зор ыракат алышты жана көп нерселерди билишти. Мен ошондой эле ИМ боюнча БУУ ЕЭКтин иштеринин сиздердин ведомство тарабынан колдоого алынгандыгы үчүн жана биздин жалпы ишибиздеги келечектеги артыкчылыктарга карата Сиздердин өкүл тарабынан берилген деталдуу жана конструктивдүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдиргим келет” деп жазат.

Маалымкат:

ИМ жаатында экономикалык кызматташтык жана интеграция боюнча БУУ ЕЭК Комитетинин (ЭКИК) ишинин башкы максаты болуп, жергиликтүү деңгээлде инновациялык системаларды түзүүгө салым кошуу, ИМди коммерциялаштырууга жардам берүү жана БУУ ЕЭК аймагынын өлкөлөрүндө өнөр жайдын чыгармачыл, инновациялык жана жогорку технологиялуу тармактарында инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу болуп саналат.

ИМ боюнча иштерге жардам берүү максатында, 2006-жылы ЭКИК интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобун (ИМ-АТ) түзгөн. Адистер тобунун ишмердүүлүгү ИМди натыйжалуу ченемдик коргоого жана ИМ укуктарын ишке ашырууга жана инновациялык өнүктүрүүдө анын ролун күчөтүүгө багытталган. ИМ-АТ өз ишинде өкмөттүн керектөөсүнө жооп берет жана жеке сектордун, керектөөчүлөрдүн, изилдөөчүлөрдүн жана жарандык коомдун керектөөлөрүн көңүлгө алат.