• English
  • Кыргызча
  • Русский
Семинардын экинчи күнү: практикалык сабактар
Жарыяланган күнү : 
13/07/2011

2011-жылдын 13-июнунда Бишкекте Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан (ИМБДУ) Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен кызматташтыкта уюштурулган «Интеллектуалдык менчик жана патенттикн маалыматты издөө стратегиялары» темасындагы үч күндүк семинары өз ишин улантты.

Семинардын экинчи күнү практикалык сабактарга арналды. Семинардын катышуучулары техниканын заманбап деңгээлин белгилөө үчүн издөө машыгууларына үйрөнүштү. Сабактар ИМБДУнун, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун эксперттеринин жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Тренерлер – DeMarcoнун I(ntellectual Property LLC, США) Башкаруучу директору Доминик Де-Марко жана Magister Ltdнын (Великобритания) директор Стивен Адамс патенттик документтерди баалоо ыкмалары жана тексттик сурамдарды иштеп чыгууда тиешелүү класстарды табуу үчүн издөөнү кантип кеңейтүү керектигине негизги көңүлдү бөлүштү.

Семинардын угуучулары тренерлер менен түздөн-түз байланыштагы иш-чаранын практикалык тарабынын ролун өзгөчө белгилегендигин айта кетүү керек.

Эртең, 14 июлда семинар өз ишин улантат.