• English
  • Кыргызча
  • Русский
Бишкекте «Интеллектуалдык менчик жана патенттик маалыматты издөө стратегиялары» темасындагы семинар өз ишин баштады
Жарыяланган күнү : 
12/07/2011

Семинарга ЖОЖдордун, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты. ИМБДУнун абройлуу адистери семинардын угуучуларынын жаңы иштеп чыгууларды өздөштүрүү жана жайылтуу үчүн зарыл болгон практикалык машыгууларын жакшыртууда Интернет тармагынан маалыматты издөө техникасына көмөктөшөт.

Семинарды Кыргызпатенттин башчысы Ажибай Калмаматов жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директорунун улук кеңешчиси Жан-Поль Хобрек ачып, семинардын ишинин жемиштүү болуусун каалашты.

Чыгып сүйлөгөн сөзүндө Ажибай Калмаматов Кыргызстанда Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун түзүлүшү актуалдуу болгондугун, ал “биздин республикада интеллектуалдык менчик объектилерин жалпыга түшүндүрүүдө маанилүү курал болуп калгандыгын” белгиледи. Өзүнүн сөзүнүн аягында, ал үйрөнүүчүлөргө семинар жаңы инновациялык чечимдерге демилге жана түрткү катары кызмат кылып, практикалык сабактар катышуучулардын кесиптик машыгууларын ишке ашырууга жардам берерине ишенгендигин билдирди.

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун адиси Азиз Жабиев Кыргызстанда Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу баскычтары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал Борбор тарабынан илимий чөйрөлөр, бизнес-коомдоштуктар үчүн өткөрүлгөн тренингдер жана өлкөбүздүн аймактарында, борбордук ЖОЖдорунун базаларында ушундай борборлорду ачуу боюнча келечектеги пландар жөнүндө айтты.

Жан-Поль Хобректин баяндамасынан семинардын катышуучулары издөөнүн түрлөрү, издөөнүн азыркы абалы, патентке жөндөмдүүлүгү, ишенимдүүлүгү, издөө жүргүзүүгө жетүү мүмкүндүгү жөнүндө үйрөнүштү.

Семинардын катышуучулары Magister Ltdнын (Великобритания) Башкаруучу директору Стивен Адамстын баяндамасын дагы угушту, ал издөө технологияларынын, издөө ресурстарынын жана куралдарынын негизги концепцияларына толук түшүнүк берди.

DeMarcoнун (Intellectual Property LLC, АКШ) Башкаруучу директору Доминик Де-Марко системалуу патенттик издөөнү кантип жүргүзүү жана издөө мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин кантип кеңейтүү керектиги жөнүндө билдирүү жасады, ошондой эле сурамдарды түзүмдөштүрүү ыкмалары жөнүндө айтып берди.

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунан илимий коомдоштуктардын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, техникалык ЖОЖдордун студенттери, бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды башкарууга, технологияларды өнүктүрүүгө, инновацияларды алга жылдырууга байланышкан кеңеш берүүлөрдү, технологиялык жана патенттик маалыматтарды издөөгө көмөктөшүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү ала тургандыктары жөнүндө эскертебиз. Борбордо, кийинчерээк аймактарда мындай борборлорду түзүү Кыргызстанда инновация базарын түзүүдө жана жаңы технологияларды өндүрүшкө жайылтууда ата мекендик окумуштуулардын, ойлоп табуучулардын жана табылга киргизүүчүлөрдүн илимий-изилдөө иштерин коммерциялоого мүмкүндүк түзөт, ал Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

Эртең, 13 июлда семинар өз ишин улантат.