Бүгүн, 2011-жылдын 14-июлунда ИМБДУнун «Интеллектуалдык менчик жана патенттик маалыматты издөө стратегиялары» темасындагы семинары өз ишин аяктады
Үч күндүн ичинде ЖОЖдордун, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер, ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун, Кыргызпатенттин жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлери болуп 50дөн ашуун угуучу илимий-техникалык жана патенттик маалыматтарды камтыган маалымат ресурстары менен таанышышты. Мындан сырткары, ИМБДУнун адистеринин жардамы менен алар жаңы иштеп чыгууларды өздөштүрүү жана жайылтуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Интернет тармагынан издөө техникасын жакшырта алышты.
Кыргызпатенттин адистери семинардын катышуучуларына EAPATIS патенттик издөө техникасы жөнүндө айтып беришти. Угуучулар ИМБДУнун Башкы директорунун улук кеңешчиси Жан-Поль Хобректин баяндамасынан ИМБДУнун патенттик маалыматтар боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө угушту.
DeMarcoнун Башкаруучу директору (Intellectual Property LLC, США) Доминика Де-Марконун ойлоп табуунун коммерциялык жашоого жөндөмдүүлүгүн баалоонун тажрыйбасы жөнүндө ой бөлүшкөн сөзү жандуу талкууларды пайда кылгандыгын белгилөөгө болот.
ИМБДУнун Академиясынын DL-101 жана DL-201 курсунун трьютору Гүлназ Асакеева Кыргызпатенттин кызматкерлери, ошондой эле билим берүү мекемелеринин, медициналык институттардын өкүлдөрү ж.б. уюмдар кирген бул семинардын катышуучулары үчүн атайын уюштурулган DL-101 курсу жөнүндө кыскача айтып берди. “Кыргызпатент менен ИМБДУнун Академиясынын кызматташтыгы жылдан-жылга бекемделип баратканын ишенимдүү айтууга болот, – деп белгиледи Академиянын дистанциялык окутуусунун трьютору. – Көп жыл аралыгында Кыргызпатенттин кызматкерлери дүйнө жүзүнүн ар түрдүү жерлеринде өткөрүлгөн жайкы мектептерге, дасыкты жогорулатуу курстарына катышып, изилдөө жүргүзүштү, дистанциялык окутуудан өтүштү”. Гүлназ Асакеева дистанциялык окутуунун талашсыз пайдасын, ага 30000ден ашык адам ал түзүлгөн 1999-жылдан бери катышкандыгын бөтөнчө белгиледи. Гүлназ Асакеева өзүнүн баяндамасынын аягында бардык маалыматтар www.wipo.int сайтында жайгаштырылгандыгын, ким болбосун ал жерден курстар менен таанышып, ИМ жаатында кызыккан бардык окуу курстарын тандай алыша тургандыгын айтып берди.
Семинарды жыйынтыктоо менен Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов төмөндөгүлөрдү белгиледи: “Бул жумушчу семинар башкалардан айырмаланган семинар болду, анда катышуучулар жана лекторлор интерактивдүү ыкмада пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты. Үч күндүн ичинде тренерлер угуучуларды зарыл болгон маалыматтарды издөө машыгууларына үйрөтүшүп, аларга стратегиялык издөө жөнүндө айтып беришти. Биз келечекте жаңы технологияларды жана инновацияларды пайдаланууга багыт алган ЖОЖдордун коомдоштуктарына, ойлоп табуучуларга жана кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө заманбап маалымат базаларына жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн республика боюнча Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорун түзүүнү пландаштырып жатабыз.
Инновация Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык ресурс болуп саналат”.
Семинардын катышуучулары өздөрү алган билимди жана аны уюштуруунун деңгээлин жогору баалашты.
Семинар катышуучуларга Уруксаттама тапшыруу менен өз ишин аяктады.




