2011-жылдын 15-июнунан 24-июнуна чейин Женевада (Швейцария) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Автордук укук жана чектеш укуктар боюнча туруктуу комитетинин жыйырма экинчи сессиясы болуп өттү.
Сессиянын ишине ИМБДУга мүчө-мамлекеттер, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн начар көргөн адамдардын кызыкчылыктарынан автордук укуктарды чектөө жана чыгаруу; аудиовизуалдык аткарууга укуктарды коргоо; эфирдик берүүлөрдү уюштуруучулардын укуктарын коргоо сыяктуу негизги маселелер боюнча чечим кабыл алууга кызыкдар өкмөттүк эмес уюмдары катышты.
Ар түрдүү өлкөлөрдүн көзү көрбөгөндөрдү жана көзү начар көргөндөрдү коргогон уюмдарынын жетекчилери дагы бул сессиянын катышуучулары болушту. Сессиянын ишине Кыргызпатенттен автордук объектилери секторунун башчысы Жыпара Садыкова катышты.
Басма маалыматын өздөштүрүүдө начар көргөн жана башка жөндөмү чектелген адамдардын кызыкчылыктарын автордук укуктан чыгаруу жана чектөө темасы көптөгөн талкууну пайда кылды. Бул тема ИМБДУнун сессияларында 10 жылдан ашуун мезгилден бери талкууланып, ушул мезгилдердин аралыгында бардык катышуучу-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн бирдей документти кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келе жатат.
АКШ жана башка өлкөлөрдүн топтору (Бразилия, Эквадор жана Парагвай; Африкалык өлкөлөр жана Европа өлкөлөрүнүн союзу) мурда көрүүсү начар адамдарга тиешелүү Биргелешкен сунуштардын/ Тил табышуу документинин/ ИМБДУ Келишими катары кийин кабыл алынуучу ИМБДУнун документин иштеп чыгуу үчүн бул тема боюнча өздөрүнүн сунуштарын сессияда кароого сунушташкан.
Сессиянын катышуучулары адабий жана көркөм чыгармачылыкты демилгелөө катары автордук укукту коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти жана аны менен бирге алар авторлордун укуктары менен жалпы элдин ортосундагы кызыкчылыктарды теңдемин сактоо зарыл экендигин моюнга алышты. Айрыкча, начар көргөн адамдар маалыматка, маданиятка жана байланыш каражаттарына бирдей жетүү мүмкүндүгүнө ээ боло алышпай тургандыгы белгиленди. Ошондой эле өлкөлөрдө начар көргөн адамдардын көпчүлүгү төмөн же орто кирешелер менен гана жашай тургандыгы билинди. Мисал үчүн: дүйнө жүзү боюнча 150 миллионго жакын начар көргөн адамдар жашайт. Маселен, Нигериянын өкүлү анын өлкөсүндө 5,5 миллион көзү көрбөгөн жана начар көргөн адамдар жашай тургандыгын билдирди.
Ага карабастан, ИМБДУнун мүчө-мамлекеттеринин көпчүлүгү өздөрүнүн автордук укук боюнча улуттук мыйзамдарында начар көргөн адамдар үчүн чыгарып салууларды жана чектөөлөрдү белгилешкен, мурдагыдай эле мындай адамдар үчүн атайын форматтарда чыгармалардын жетишсиздиги байкалат.
Начар көргөн адамдардын коомдун турмушуна башкалар менен тең укукта ар тараптуу жана натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү жана бүткүл коомдун жыргалчылыгы үчүн аларга чыгармачылык, көркөм жана интеллектуалдык дараметтерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү максатында ИМБДУнун мүчө-өлкөлөрү бирдиктүү документти иштеп чыгууга жана кийин кабыл алууга катышышты.
Сессияда жетишерлик узак убакыттын аралыгында дагы аудиовизиуалдык аткарууларга укуктарды коргоо маселелери каралды. 2000-жылга чейин эле аудиовизуалдык аткарууларга укуктарды коргоо жөнүндө ИМБДУнун Келишиминин текстинин долбоору даярдалган. 2000-жылы дипломатиялык конференция чакырылып, анда бул Келишимдин 19 беренеси каралган жана жактырылган. Бирок, Дипломатиялык конференциянын катышуучулары Келишимдин 12-беренеси боюнча такыр келише албай койгондуктан, конференциянын иши ошону менен токтотулган. Ага карабастан, келишимдин үстүнөн иштөө улантылып, ИМБДУга катышуучу-өлкөлөр беренеге өздөрүнүн варианттарын жөнөтүшүп, аймактык семинарлар жана кеңеш берүүлөр өткөрүлгөн.
АУТКнын 22-сессиясынын башталышында мурда кабыл алынган 19 берене каралбай тургандыгы жана бир гана он экинчи берененин тексти жөнүндө гана сөз болору айтылды. 12-берененин текстине өздөрүнүн варианттарын сунуштаган тараптардын (АКШ, Азия-Тынч океаны аймагы, Бразилия жана Мексика) сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында тексттин ылайыктуу варианты иштелип чыгылып, АУТКнын кийинки 23-сессиясында карала турган болду.
Сессиянын катышуучулары бул берененин текстин 2011-жылы Башкы Ассамблеяга берүү жана Дипломатиялык конференцияны тез арада чакыруу жөнүндө маселени коюу керектигин белгилешти.
Эфирдик берүү уюмдарынын укуктарын коргоо маселелери да талкуулоо үчүн бир кыйла маанилүү тема болду. Бул тема дагы АУТКда 10 жылдан бери талкууланып келет. 2009-жылдан ИМБДУга катышуучу-өлкөлөрдүн өтүнүчү боюнча аймактык семинарларды өткөргөн:
- Латын Америка жана Кариб аймактарынын өлкөлөрү үчүн;
- Азия-Тынч океаны аймагынын өлкөлөрү үчүн;
- Африкалык өлкөлөр үчүн.
Бул семинардын жыйынтыгында эфирдик берүү уюмдарынын белгилерин уурдоо (каракчылык кылуу) эфирдик берүү тармактарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөрүнө жана инвестицияларга терс таасирин тийгизери белгиленди. Семинардын катышуучулары белгилердин негизинде мамилелерди жөнгө салууга колдонууну макулдашышты жана технологиялык нейтралдык келишимди иштеп чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Ошондой эле Интернетке таасир этүү маселелери боюнча талкуулоо өткөрүү зарылдыгы табылды жана 1961-жылдагы Рим конвенциясын карап чыгуу жана техникалык иштеп чыгууларга ыңгайлаштыруу белгиленди.

